+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ مَالِكٍ ابْنِ بُحَيْنَةَ رضي الله عنه:
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا صَلَّى فَرَّجَ بَيْنَ يَدَيْهِ حَتَّى يَبْدُوَ بَيَاضُ إِبْطَيْهِ.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 390]
المزيــد ...

Абдуллах бин Малик бин Бухайна (ага Аллах ыраазы болсун) мындай дейт:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуганда колдорун кенен жайып сажда кылгандыктан, анын колтуктарынын актыгы көрүнүп калчу.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 390]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саждага жыгылган учурда эки колун эки тарабына канат сыяктуу жайып сажда кылгандыктан, анын колтугунун териси көрүнчү. Саждада эки чыканакты эки жагына кенен жайып, денеден көбүрөөк алыстатуу керек.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Сажданы ушундай абалда, эки чыканакты денеден алысыраак ажыратып аткаруу керек.
  2. Ал эми имамга уюган адам эки жанындагы адамга зыян тийгизиши мүмкүн болгондуктан, ага мындай кылуу шариятта айтылган эмес.
  3. Саждага жыгылууда көп пайда, сырлар бар, анын бири: намаздагы сергектикти жана кызыгууну көрсөтүү. Анткени, саждада канча мүчө жерге тийсе, анын баары ибадаттагы өз акысын алат. Сажданын негизги сыры - кичипейилдикти көрсөтүү деп да айтылат. Ошондой эле бешене жана мурунду жерге жеткире тийгизет, ар бир мүчөнү өз-өзүнчө ажыратат.