+ -

عَن أَبِي أُمَامَةَ قَالَ: حَدَّثَنِي عَمْرُو بْنُ عَبَسَةَ رضي الله عنه أَنَّهُ سَمِعَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«أَقْرَبُ مَا يَكُونُ الرَّبُّ مِنَ العَبْدِ فِي جَوْفِ اللَّيْلِ الآخِرِ، فَإِنْ اسْتَطَعْتَ أَنْ تَكُونَ مِمَّنْ يَذْكُرُ اللَّهَ فِي تِلْكَ السَّاعَةِ فَكُنْ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي والنسائي] - [سنن الترمذي: 3579]
المزيــد ...

Абу Умама айтат: Мага Амр бин Абаса (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укканын минтип айтты:
"Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү. Эгер колуңдан келсе, ошол убакта Аллахты зикир кылуучулардан бол"

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 3579]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө Аллах Таала пендеге эң жакын болгон учуру. О, ыймандуу пенде, эгер ушул убакта намаз окуп, зикир чалып, тообо кылуучу адамдардын катарында болууга чамаң жетип, колуңдан келип турса, анда бул убакты текке кетирбей, аны пайдаланып калууга тырыш.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тамилче Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Түндүн акыркы бөлүгүндө зикир кылуу зарыл.
  2. Зикир, дуба жана намаз ибадаттары аткарыла турган артыкчылыктуу убактар бар.
  3. Муайрик минтип айткан: "Аллах пендеге эң жакын болгон учур" деген хадис менен "Пенде Раббисине эң жакын болгон учур анын сажда кылган учуру" деген хадистин бири-биринен айырмасы мындай: биринчисинде Аллах Тааланын пендеге эң жакын боло турган убакыт жөнүндө айтылган. Бул убакыт түндүн акыркы бөлүгү. Ал эми экинчисинде пенденин Аллахка жакын боло турган абалы тууралуу айтылган. Бул абал пенденин саждадагы абалы.