+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الخُدْرِيِّ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إِنَّ اللَّهَ تَبَارَكَ وَتَعَالَى يَقُولُ لِأَهْلِ الجَنَّةِ: يَا أَهْلَ الجَنَّةِ؟ فَيَقُولُونَ: لَبَّيْكَ رَبَّنَا وَسَعْدَيْكَ، فَيَقُولُ: هَلْ رَضِيتُمْ؟ فَيَقُولُونَ: وَمَا لَنَا لاَ نَرْضَى وَقَدْ أَعْطَيْتَنَا مَا لَمْ تُعْطِ أَحَدًا مِنْ خَلْقِكَ؟ فَيَقُولُ: أَنَا أُعْطِيكُمْ أَفْضَلَ مِنْ ذَلِكَ، قَالُوا: يَا رَبِّ، وَأَيُّ شَيْءٍ أَفْضَلُ مِنْ ذَلِكَ؟ فَيَقُولُ: أُحِلُّ عَلَيْكُمْ رِضْوَانِي، فَلاَ أَسْخَطُ عَلَيْكُمْ بَعْدَهُ أَبَدًا».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6549]
المزيــد ...

Абу Саид Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Улуу Аллах Таала бейиш тургундарына: "Эй, бейиш тургундары!" - деп кайрылат. Алар: "О, Раббибиз, Сенин кызматыңа даярбыз" - дешет. Аллах Таала: "Ыраазы бодуңарбы?" - деп сурайт. Алар: "Биз кантип ыраазы болбойбуз, Сен бизге башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бердиң" - дешет. Аллах Таала: "Мен силерге мындан да жакшыны берем" - дейт. Алар: "О, Рабби, мындан да жакшы нерсе болмок беле?"- дешет. Аллах Таала: "Мен силерге ыраазы болдум. Мындан кийин силерге такыр ачууланбаймын" - дейт.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6549]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: бейиш тургундары бейишке киргенден кийин Аллах Таала аларга: Эй, бейиш тургундары деп кайрылат. Алар: Раббибиз, биз Сенин алдыңда, буйруктарыңды аткарууга даярбыз деп жооп беришет. Анан аларга: силер Мага ыраазы болдуңарбы? - дейт. Алар: Ооба, ыраазыбыз; Сен эч бир калайыкка бербеген жакшылыктарды бизге бердиң. Анан кантип ыраазы болбойлу - дешет. Аллах Таала: Силерге мындан да жакшы нерсени берейинби? - дейт. Алар: Оо, Раббибиз! Мындан да жакшы нерсе болмок беле? - дешет. Аллах Таала: Мен эми силерге ыраазылыгымды уланта берем, эми силерге эч качан ачууланбайм - дейт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Тааланын бейиш тургундары менен сүйлөшөрү акыйкат.
  2. Аллах Таала бейиш тургундарына ыраазы болгондугун, мындан кийин аларга такыр ачууланбастыгын айтып сүйүнчүлөйт.
  3. Бейиш тургундары андагы ар түрдүү орундарына, ар түрдүү даражаларына карабастан, баары бирдей ыраазы болушат. Аллах Тааланын суроосуна алардын баары бир ооздон: "Башка эч бир калайыкка бербеген нерсени бизге бердиң" деп ыраазылыгын билдирип жооп беришкен.
Дагы...