عَنِ النُّعْمَانِ بْنِ بَشِيرٍ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ، إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 2586]
المزيــد ...

Нуъман бин Башир (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 2586]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дене мүчөлөрүнөн бир мүчө ооруса, башка мүчөлөрү да уйкусуздукта жана ысытмалоодо ага шерик болгондой, мусулмандар да бири-бирине жакшылык кылууда, ырайым кылууда, жардам берип, көмөктөшүүдө, бирине зыян тийсе аны сезүүдө бир дене сыяктуу болуу керек экендигин айткан.

Хадистин пайдалары

  1. Мусулмандардын укугун сактоо, аларга жардам берүү жана бири-бири менен тыгыз мамиледе болуу зарыл.
  2. Ыймандуулардын ортосунда махабат жана көмөктөштүк болууга тийиш.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (54)
Дагы...