+ -

عَنْ أَبِي وَاقِدٍ اللَّيْثِيِّ رضي الله عنه:
أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَمَّا خَرَجَ إِلَى حُنَيْنٍ مَرَّ بِشَجَرَةٍ لِلْمُشْرِكِينَ يُقَالُ لَهَا: ذَاتُ أَنْوَاطٍ يُعَلِّقُونَ عَلَيْهَا أَسْلِحَتَهُمْ، فَقَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، اجْعَلْ لَنَا ذَاتَ أَنْوَاطٍ كَمَا لَهُمْ ذَاتُ أَنْوَاطٍ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «سُبْحَانَ اللهِ! هَذَا كَمَا قَالَ قَوْمُ مُوسَى {اجْعَلْ لَنَا إِلَهًا كَمَا لَهُمْ آلِهَةٌ} [الأعراف: 138] وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَرْكَبُنَّ سُنَّةَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ».

[صحيح] - [رواه الترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 2180]
المزيــد ...

Абу Ваакид ал-Лайсийи (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Алахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хунайнга жөнөп чыкканда, мушриктердин "Заат анваат" деп аталган дарагынын жанынан өттү. Мушриктер ага (аны ыйыктап) курал-жарагын илип койчу. Ошондо жанындагылардан бирөөлөр: О, Аллахтын элчиси, булардын "Заат анвааты" сыяктуу бизге да (ыйыктай турган) "Заат анваат" кылып бербейсиңби? - дешти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Субхааналлах! Бул айтканыңар Мусанын коому ага: "Алардын кудайы сыяктуу бизге да кудай кылып бер" дегениндей болуп жатат (Аъраф, 138-аят) . Жаным колунда турган Затка ант ичип айтам, силер да мурда өткөндөрдүн жолуна түшөсүңөр" - деди (ачууланып).

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2180]

Түшүндүрмө

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хунайнга жөнөп чыгат, ал Мекке менен Таифтин ортосунда жайгашкан өрөөн. Аны менен бирге Исламга эми эле кирген сахабалар да бар эле. Жолдо алар "Заат анваат" б.а. илинчектүү дарак деп аталган дарактын жанынан өтүшөт. Бул даракты мушриктер ыйык санап, андан береке үмүт кылып курал-жарагын жана башка нерселерди илип коюшчу. Динге жаңы кирген сахабалар пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга да ошол дарак сыяктуу курал-жарагын илип алып береке тилей турган дарак дайындап берүүсүн суранат. Алар муну туура иш деп ойлошкон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын атйкан сөзүн четке какканын билдирип, Аллахты улуктап "Субхааналлах" деп тасбих айтат. Анан алардын айтканы Мусанын коому ага (Бизге да алардын кудайы сыяктуу кудай дайндап бер) деген сөзүндөй экенин айтат. Алар да буттарга ибадат кылып жаткандарды көрүп, ошол мушриктердики сыяктуу аларга да буттарды кудай кылып берүүсүн талап кылышкан. Мындай кылуу алардын жолун ээрчүү болот. Андан соң пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келечекте мусулман үммөтү да жөөт жана христиандардын жолун ээрчип, алар кылганды кыларын айтып, мындай кылуудан тыйып катуу эскертти.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Чехче Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Инсан кээ бир иштерди жакшы көрүп, Аллахка жакындатат деп ойлоосу мүмкүн, бирок ал иш аны Аллахтан алыстатат.
  2. Таң калган учурда же динде айтылбай турган туура эмес сөзду уккан учурда мусулман адамдын тасбих же такбир айтканы эп.
  3. Бак-дарак, тоо-ташты ж.б. нерселерден береке суроо ширк болуп эсептелет. Береке бир гана Аллахтын Өзүнөн суралат.
  4. Буттарга сыйынып кетүүнүн себеби: аларды улуктоо, алардын жанында болуу жана алардан береке суроо.
  5. Ширкке алып бара турган эшик, жолдордун баарын тосуу ваажыб.
  6. Жөт жана христиандардын жамандыгы тууралуу айтылган аят-хадистердин баары биз үчүн эскертүү.
  7. Исламга чейинки доордогу адамдарга, жөөттөргө жана христиандарга окшошууга тыюу салынган. Эгер алардын кайсы бир кылганы биздин динибизден экенине ачык далил болсо гана аны аткарууга болот.
Дагы...