+ -

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لَا عَدْوَى، وَلَا طِيَرَةَ، وَيُعْجِبُنِي الْفَأْلُ» قَالَ قِيلَ: وَمَا الْفَأْلُ؟ قَالَ: «الْكَلِمَةُ الطَّيِّبَةُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 2224]
المزيــد ...

Анас бин Маликтин (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 2224]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жахилияттагы адамдардын, оору Аллахтын тагдырысыз эле бирөөдөн бирөөгө жугат деген ишеними туура эмес экенин айткан. Ошондой эле жамандыкка жоруу да туура эмес. Ал угулган же көрүлгөн кайсы бир нерсе менен ырым кылуу, мисалы куштар, жан-жаныбар, майып адамдар, сандар, күндөр ж.б. нерселер менен ырым кылып жамандыкка жоруу. Ал эми куш учуруу деп баса белгилеп айтканынын себеби, исламга чейинки доордо жамандыкка жоруунун ушул түрү өтө кенен жыйылган болчу. Мунун негизи мындай: Бирөө сапарга чыкмакчы болсо же соода кылмакчы болсо, же дагы башка бир ишке киришерде куш учуруп көрөт. Эгерде койо берген кушу оң тарапка учуп кестсе, аны жакшылыкка жооруп, ишине кирише берген. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, аны жамандыкка жооруп, баштай турган ишин кылбай токтотуп койгон. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны фаьл таң калтырарын айткан. Бул кайсы бир жакшы сөздү угуу аркылуу инсандын жүрөгүнө кубаныч кирип, Аллах жөнүндө жакшы ойдо болуусуна себеп болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахка тобокел кылуу, анткени жакшылыкты алып келген да жамандыкты кетирген да Аллах Таала.
  2. Ырым кылып, жамандыкка жооруудан кайтарган. Ал жамандыкка жооруп, амалдан тоскон бардык нерсени өз ичине камтыйт.
  3. Фаьл кылуу тыюу салынган ырымдардан эмес, ал Аллах жөнүндө жакшы ойдо болуу.
  4. Бардык нерсе шериги жок, Жалгыз Аллах Тааланын тагдыры менен болот.
Дагы...