+ -

عَنْ عَائِشَةَ أُمِّ المُؤمنينَ رضي الله عنها قَالَتْ:
دَخَلَ عَلَيَّ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَقَدْ سَتَرْتُ سَهْوَةً لِي بِقِرَامٍ فِيهِ تَمَاثِيلُ، فَلَمَّا رَآهُ هَتَكَهُ وَتَلَوَّنَ وَجْهُهُ وَقَالَ: «يَا عَائِشَةُ، أَشَدُّ النَّاسِ عَذَابًا عِنْدَ اللهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ الَّذِينَ يُضَاهُونَ بِخَلْقِ اللهِ» قَالَتْ عَائِشَةُ: «فَقَطَعْنَاهُ فَجَعَلْنَا مِنْهُ وِسَادَةً أَوْ وِسَادَتَيْنِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Мага Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кирди. Мен сүрөттөрү бар, жука, жүн кездемени (текчеге) парда кылып тартып койгон элем. Аны көрүп, өңү өзгөрүп кетти да, илинген жеринен сыйрып алды. Анан: "Айша! Кыямат күнү Аллахтын алдында азабы катуу боло турган адамдар - Аллахтын жараткан нерселерине окшошту тарткандар" - деди. Айша энебиз айтат: Анан биз аны кесип алып, бирби, экиби жаздык жасап койдук.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Айша энебиздин бөлмөсүнө кирип, ал буюм-терим койгон текчесине жандуулардын сүрөттөрү бар кездемени парда кылып тартып койгонун көрөт. Аллах үчүн ага ачууланып өңү өзгөрүп, аны сыйрып алып мындай дейт: Кыямат күнү катуу азаптала турган адамдар Аллахтын жаратканына окшош нерселерди тарткан адамдар. Айша энебиз: анан андан бир же эки жаздык жасап койдук - дейт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Французча Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Туура эмес ишти тыюуда андан чоңураак зыян келбесе, көрөр замат дароо тыюу керек.
  2. Күнөөгө жараша кыяматтагы азаптар да ар түрдүү болот.
  3. Жандуу нерселердин сүрөтүн тартуу чоң күнөөлөрдөн.
  4. Сүрөт тартуунун арамдыгын себептеринин бири: аны Аллахтын жаратуучулугуна окшотууда, сүрөтчү мейли ушундай ниетте болсун, же жөн эле тартсын айырмасы жок.
  5. Арам кылынган нерседен тыйгандан кийин, шарият мал-мүлктү туура пайдаланып, сактап калууга үндөйт.
  6. Жандуулардын сүрөтүн тартуу кандай шекилде болсо да, мейли ал кордолгон, жек көрүндү болсо да баары бир тыюу салынган.