1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Артыкчылыктар жана адептер

Хадис Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт

عن خَوْلَةَ بِنْتَ حَكِيمٍ السُّلَمِيَّةَ قَالتْ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«مَنْ نَزَلَ مَنْزِلًا ثُمَّ قَالَ: أَعُوذُ بِكَلِمَاتِ اللهِ التَّامَّاتِ مِنْ شَرِّ مَا خَلَقَ، لَمْ يَضُرَّهُ شَيْءٌ حَتَّى يَرْتَحِلَ مِنْ مَنْزِلِهِ ذَلِكَ».

Хавла бинт Хаким ас-Суламия (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын:
"Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт".

Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган Сахих Муслим - 2708

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким болсо да кайсы бир жерге келгенде зыянын тийгизе турган коркунучтуу нерселерден коргой турган пайдалуу коргонууга жол көрсөткөн. Мейли сапарда жүргөндө болсун, же эс алууга чыкканда болсун, мейли башка учурда болсун айырмасы жок. Бул коргонуу: зыяны бар бардык макулуктардын жамандыгынан Аллах Тааланын арткычылыгы, берекеси, пайдасы толук тийе турган, эч кандай айып, кемчилиги жок сөзү менен сактанамын деп коргоо тилөө. Мына ушундай кылса, ал жерден кайра жөнөп кеткенге чейин зыянын тийгизе турган нерсенин баарынан аман болот.

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтан коргоо тилөө деген бул - өзүнчө бир ибадат болуп саналат, ал Аллах менен же Алахтын ысым-сыпаттары менен гана болот.
  2. Аллахтын сөзү менен коргоо тилөөгө болот, анткени ал Аллахтын сыпаттарынын бири. Ал эми жаратылган нерселер менен коргоо тилөө мындай эмес, ал ширк болот.
  3. Бул дубанын пазилети жана берекеси.
  4. Зикирлер менен коргонуу пенденин жамандыктан аман болуусуна себеп болот.
  5. Аллахтан башкадан, мисалы, жинден, сыйкырдан, жалганчылардан коргоо тилөө туура эмес, мындай кылууга болбойт.
  6. Сапарда болобу, жайчылыкта болобу ушул дубаны айтуу шариятта көрсөтүлгөн.

Котормолорду көрсөтүү

64 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
BG Български البلغارية
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
YAO Yao الياو
KMR Kurmancî الكرمنجية