Хадистердин тизмеси

Силерге чоң күнөөлөрдүн эң оору жөнүндө кабар берейинби?"- деп үч жолу айтты. Ошондо сахабалар: "Ооба, оо, Аллахтын Элчиси!" - дешти. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Аллахка шерик кошуу жана ата-энени нараазы кылуу". Ошондо Пайгамбар жөлөнүп жаткан жеринен отура калып: "Жалган күбөлүк берүү!" - деп кайра-кайра айтып, биз: "Токтотсо экен" дегенге чейин кайталай берди
عربي الإنجليزية الأوردية
Чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, ата-энеге ак болуу, адам өлтүрүү жана жалган ант берүү
عربي الإنجليزية الأوردية
Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким муаахадты (6) өлтүргөн болсо, анда бейиштин жытын жыттабайт. Анын жыты кырк жылдык алыстан жыттанып турат
عربي الإنجليزية الأوردية
Тууганчылык байланышты үзгөн адам бейишке кирбейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким ырыскысы кенен болушун кааласа, өмүрүн узун болушун кааласа, анда тууганчылык байланышын бекемдесин
عربي الإنجليزية الأوردية
Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Гыйбат эмне экенин билесиңерби?” - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - дешти. Ал айтты: «Бир тууганыңды ал жактырбаган жагын айтууң» - деди. Ага: «Билесиңби, менин бир тууганымда менин айтканым бар болсочу?» - деп айтылганда Пайгамбар: «Эгер айтканың бар болсо, анда сен аны гыйбат кылган болосуң. Эгер болбосо, анда ага жалаа жапкан болосун» - деп айтты
عربي الإنجليزية الأوردية
Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каалаган өкүмгө жетүү максатында пара берүүчүгө жана пара алуучуга каргыш айтты
عربي الإنجليزية الأوردية
Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Аллахтын пенделери болгула!
عربي الإنجليزية الأوردية
Күмөн саноодон сактангыла! Анткени, күмөн саноо сөздөрдүн жалганы
عربي الإنجليزية الأوردية
Ушакчылар бейишке кирбейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)@*
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – өтө талашчаак адам
عربي الإنجليزية الأوردية
Эки мусулман бири-бири менен кылычташып урушканда, өлтүргөн да жана өлгөн да тозоко түшөт. Ошондо мен: «Аллахтын Элчиси, бул киши өлтүргөн адам, а бирок өлтүрүлгөн адамда эмне күнөө?» - деп айттым. Аллахтын Элчиси: «Ал да шеригин өлтүргүсү келген» - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким бизге каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес
عربي الإنجليزية الأوردية
Өлгөндөрдү тилдебегиле. Анткени алар өздөрү аткарган иш-аракеттерине жетишти
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимдир бирөө бир тууганын үч түндөн ашык жүз буруп таштап коюусу туура эмес. Ошентип, ал мындан жүз бурат, бул андан жүз бурат. Алардын эң жакшысы саламды биринчи баштаганы болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким мага эки жаагы менен эки бутунун ортосундагы (мүчөлөрүн күнөөлөрдөн) сактаймын деп кепилдик берсе, анда мен анын Бейишке кирүүсүнө кепилдик беремин
عربي الإنجليزية الأوردية
Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен өткөндөн кийин эркектерге аялдардан өткөн фитна-азгырык болбойт
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким никенин акысын бере алса, анда үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көзгө көшөгө жана зынадан коргоочу болот. Кимде-ким никенин акысын бере албаса, анда ага орозо кармоо зарыл, анткени орозо аны бычкан сыяктуу шакыбатын токтотот
عربي الإنجليزية الأوردية
Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула
عربي الإنجليزية الأوردية
Бөтөн аялдардын жанына киргенден сак болгула". Ансарлардан бир киши: Оо, Аллахтын элчиси, кайын журттан болсочу (аялдын кайниси, кайнагасы)" деп сурады. Ал: "Кайын журттан болсо - бул, өлүмгө тете" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Валий (4) болбосо нике болбойт
عربي الإنجليزية الأوردية
(Нике окулуп) аялды адал кылган учурда коюлган шарттар - сөзсүз аткарыла турган шарттардан
عربي الإنجليزية الأوردية
Дүйнө убактылуу ырахаттардан турат. Дүйнө ырахатынын эң жакшысы саалиха аял
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады
عربي الإنجليزية الأوردية
Жибек жана парчаны кийбегиле. Алтын жана күмүш идиштерден ичпегиле. Жана алардан жасалган табактан тамак жебегиле. Булар бул дүйнөдө каапырлар үчүн, акыретте биз үчүн
عربي الإنجليزية الأوردية
Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көкүл коюудан тыйган
عربي الإنجليزية الأوردية
Мурутуңарды кыскарткыла жана сакалыңарды өстүргүлө
عربي الإنجليزية الأوردية
Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин жакшыңар - ахлагыңар жакшыңар" - деп айтчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Чынында, ыймандуу адам жакшы кулк-мүнөзү менен (күндүзү) орозо туткан, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет
عربي الإنجليزية الأوردية
Ыймандуулардын ыйманы толугу - кулк-мүнөзү жакшысы. Силердин эң жакшыңар - аялзатына жакшы мамиле кылганыңар
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдардын ичинен мүнөзү эң жакшысы эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүнөзү Куран эле" - деди Айша энебиз
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бут кийим кийгенде, чач-сакалын тараганда, даарат алганда, деги ар бир ишинде оң жагынан баштоону жакшы көрөт эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, Аллах баардык нерсеге жакшылык кылууну буйруган. Ошондуктан өлтүрсөңөр жакшылап өлтүргүлө, мууздасаңар жакшылап сойгула. Силердин муздоочуңар бычагын курчутсун, жандыктын жанын кыйнабай чыгарсын
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, Аллахтын алдында адилеттүү болгондор нурдан болгон минбарларда, Улуу, Мээримдүү Заттын оң жагында болушат. Анын эки колу тең оң. (1) Алар өкүм кылганда адилеттүү болгондор, үй-бүлөлөрүнө адилеттүү болгондор жана башкарууда адилеттүү болгондор
عربي الإنجليزية الأوردية
Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт
عربي الإنجليزية الأوردية
Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир киши Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү
عربي الإنجليزية الأوردية
“Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; сүйлөсө жалган сүйлөйт; убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”
عربي الإنجليزية الأوردية
Ыймандуу адам айыптоочу, каргышчыл, бузуку жана бузук ооз болбойт
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишинин бир тууганына уяттуулугу үчүн жемелеп жатканын угуп: «Уяттуулук ыймандан» - деди.*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын
عربي الإنجليزية الأوردية
Ар бир жакшылык – садака
عربي الإنجليزية الأوردية
Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким бир ыймандуу адамды бул дүйнөдө кайгыдан арылтса, Аллах аны кыямат күндөгү кайгыдан арылтат
عربي الإنجليزية الأوردية
Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Жесирге жана жардыга жардам берген адам Аллах жолунда жихад кылгандай же түнү туруп намаз окуп, күндүзү орозо кармагандай (сооп-сый алат)
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын
عربي الإنجليزية الأوردية
Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)
عربي الإنجليزية الأوردية
Чынчыл болгула, анткени чындык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Мээримдүүлөргө Мээримдүү Зат ырайым кылат. Жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, силерге асмандагы Зат ырайым кылат
عربي الإنجليزية الأوردية
Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам
عربي الإنجليزية الأوردية
Мусулмандын мусулманга болгон акысы бешөө. Алар: Салам берсе алик алуу, ооруса зыярат кылуу, чакырган болсо баруу, дүйнөдөн өтсө жаназасына катышуу, чүчкүрсө "ярхамукаллах" деп айтуу
عربي الإنجليزية الأوردية
Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?
عربي الإنجليزية الأوردية
Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар
عربي الإنجليزية الأوردية
Жебирейил периште мага кошуна жөнүндө «мен кошуна да мурас алат экен» деп мен ойлоп калганга чейин насаат айтып жатты
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким (мусулман) бир тууганынын абийирин ал жокто коргосо, Аллах кыямат күнү анын жүзүн тозоктон сактайт
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт
عربي الإنجليزية الأوردية
Кайсы иште жумшактык болсо, ал ишти көркүнө чыгарат. Кайсы иште жумшактык болбосо, анын көркү кетет
عربي الإنجليزية الأوردية
Чынында бул дин абдан жеңил. Эч ким чамасы келбеген даражада ибадат кылам дебесин. Антсе ага дин үстөмдүк кылат. Ошондуктан, ар бир иште тактыкты
عربي الإنجليزية الأوردية
Жеңил көрсөткүлө, оор кылбагыла, сүйүнчүлөгүлө, качырбагыла!
عربي الإنجليزية الأوردية
Биз Умардын жанында болчубуз, ал: "Биз өзүнө оорлотуудан тыйылганбыз" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Силерден бирөө тамактанса оң колу менен жесин, ичкенде оң колу менен ичсин. Анткени шайтан сол колу менен жейт жана сол колу менен ичет
عربي الإنجليزية الأوردية
"Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кол астындагы бала элем. (Тамактанууда) колум табактын ар тарабына кетет эле. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага: "Эй, бала! Бисмиллах" - деп, Аллахтын атын ата. Оң колуң менен жана өз алдыңдан жегин!" – деп айтты. Мен ошондон бери (Аллахтын Элчиси үйрөткөндөй) тамактанам".*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Тамактанып анан Ага (Аллахка) алкыш-мактоо айткан же суусундук ичип анан Ага алкыш мактоо айткан адамга Аллах Таала ыраазы болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким сарымсак же пияз жесе, бизге (же биздин мечитибизге) жолобой үйүндө отурсун
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чүчкүргөндө колун же кийиминин бир учун оозуна тосуп, ошо менен үнүн басаңдатчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах кимге жакшылык кааласа, анда ага сыноо жиберет
عربي الإنجليزية الأوردية
Мусулман кишиге чарчап-чалыгуу, оору, кыжаалатчылык, кайгы-капа, ыза, кыйынчылык болсо, атүгүл, тикен сайылса да, ошонун себебинен Аллах анын каталарын өчүрөт
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет
عربي الإنجليزية الأوردية
Момундун ишине таң каламын. Анын бардык иши жакшылык. Мындай момун үчүн гана болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага дени сак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет
عربي الإنجليزية الأوردية
Жакшы иш-амалдарды аткарууга шашылгыла. Караңгы түн каптагандай фитна-азгырыктар каптаган заман келет
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах кимге жакшылыкты кааласа, аны динде илимдүү кылат
عربي الإنجليزية الأوردية
Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр
عربي الإنجليزية الأوردية
Бизге Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким Аллахтын китебинен бир тамга окуса, ал үчүн ага бир жакшылык он барабар болуп жазылат
عربي الإنجليزية الأوردية
Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы
عربي الإنجليزية الأوردية
Бул Куранга бекем болгула, Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант ичип айтам, ал жибинен бошонгон төөдөн да ылдам чыгып кетет
عربي الإنجليزية الأوردية
Үйүңөрдү көрүстөндөй кылып албагыла. Чынында, Бакара сүрөөсү окулган үйдөн шайтан качат
عربي الإنجليزية الأوردية
«Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.@*
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Дуба – бул ибадат» – деп айткан соң (Курандын бул аятын) окуду: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин. Чындыгында, Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар кор болгон абалда тозокко киришет». (Гафир, 60-аят)
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахты бардык абалында эстеп зикир кылат эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах таала үчүн дубадан артык эч нерсе жок
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Йа муколлибал кулууби саббит колби алаа дииника" (Эй, жүрөктөрдү калчоочу Аллах, менин жүрөгүмдү динге бекем кыл)
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, менин иштеримдин коргоочусу болгон динимди оңдо
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, Сенден дүйнө жана акыреттин амандыгын (жакшылыгын) сураймын
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, Сенден жакшылыктын баарын, азыркысын да, кийинкисин да, мен билгенин да, билбегенин да суранам. Сенин жардамың менен бардык жамандыктан, азыркысынан да, кийинкисинен да, мен билгенинен да, билбегенинен да коргоном
عربي الإنجليزية الأوردية
Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла
عربي الإنجليزية الأوردية
“Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татыптыр
عربي الإنجليزية الأوردية
сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Пенде Раббисине саждада турган абалында эң жакын болот. Ошондуктан ал учурда көп дуба кылгыла
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Көңүл бургула! Мен силерге силердин даражаңарды көтөрө турган,
عربي الإنجليزية الأوردية
“Сен өтө оор ишти сурадың. Бирок Аллах жеңил кылгандар үчүн өтө оңой болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу
عربي الإنجليزية الأوردية
Истигфардын төрөсү
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахым, Сенин атың менен таң атырабыз. Сенин атың менен кечти киргизебиз. Сенин атың менен тирилебиз. Сенин атың менен өлөбүз. Кайра тирилип баруу Сага гана
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп он жолу айтса
عربي الإنجليزية الأوردية
Тилге жеңил, таразада оор жана Ырайымдуу (Аллахка) сүйүктүү болгон эки сөз бар. Ал: «Субханаллахиль-азыими, Субханаллахи уа бихамдихих
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет
عربي الإنجليزية الأوردية
Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин
عربي الإنجليزية الأوردية
Субхан Аллоохи, валхамду лиллаахи, ва лаа илааха иллаллооху, валлааху акбар" деп айтуу мен үчүн күн нуру тийген нерсенин баарынан жакшы
عربي الإنجليزية الأوردية
Эң жакшы зикир «лаа илааха иллаллах», жана эң жакшы дуба «алхамду лиллах
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абвааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын
عربي الإنجليزية الأوردية
Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Жудаан Исламга чейинки доордо тууганчылык байланыштарды бекемдеп, кедей-кембагалдарды тоюндурчу, бул ага пайдасын береби?" - деп сурадым. Ал айтты: «Бул ага эч кандай пайда алып келбейт, анткени ал эч качан: «Раббим, Кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» - деп айткан эмес».@
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, сахабалар келип: «Биздин оюбузга айтканга тил барбаган жаман ойлор келет» - деп сурашты, анда Пайгамбар: «Силерге ушундай ойлор келип жатабы?» - деди. Алар: «Ооба» дешти. Пайгамбар: «Бул ыймандуулуктун ачык белгиси» - деп айтты. @
عربي الإنجليزية الأوردية
Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет
عربي الإنجليزية الأوردية
Мунафыктын мисалы эки үйүрдүн арасында турган кой сыяктуу. Кээде бирисине барат, кээде экинчисине барат
عربي الإنجليزية الأوردية
«Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биздин оюбузга ушундай ойлор келет. Аны сизге айтууга караганда күл болуп күйүп калганыбыз жакшыраак» - деп айтат. Анда Пайгамбарыбыз: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Шайтандын айла-амалын жөн гана азгырыкка таштаган Аллахка мактоолор болсун!» - деп айтты.@
عربي الإنجليزية الأوردية
Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет
عربي الإنجليزية الأوردية
Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат
عربي الإنجليزية الأوردية
Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат
عربي الإنجليزية الأوردية
Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты
عربي الإنجليزية الأوردية
Эгерде Аллах бир пендени бир жерде өлүүнү тагдыр кылса, анда ага ошол жерде бир муктаждыгын жаратат
عربي الإنجليزية الأوردية
Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@
عربي الإنجليزية الأوردية
«Китеп ээлери Тауратты иврит тилинде окуп, аны араб тилинде Ислам элине түшүндүрүп беришчү. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана аларды жалганга чыгарбагыла. «Биз Аллахка жана бизге түшүрүлгөнгө ишенебиз» - деп айткыла». (Бакара, 136).*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кырк жашында вахий түшкөн. Меккеде он үч жыл болду, андан соң хижрат кылууга буюрулду. Мындан улам Мадинага хижрат кылды, ошондо ал жерде он жыл болду. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн кайтты
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» деген аяты түшүрүлмөйүнчө эки сүрөөнүн бөлүнүшүн билген эмес
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот
عربي الإنجليزية الأوردية
«Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, бир адам: «Оо, Аллахтын Элчиси, каапыр адам Кыямат күнү тирилгенде жүзү менен кантип тургузулат? - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Аны бул дүйнөдө эки буту менен бастырган Зат Кыяматта аны бети менен бастырууга Кудуреттүү эмеспи?!». Катада бул хадисти айтып ушул жеринде: «Раббимдин улуулугуна ант болсун! Албетте Ал Кудуреттүү» - деп айтты».*@
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким Аллахка ширк келтирбестен жолукса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким Ага ширк кылган абалда жолукса, анда тозокко кирет
عربي الإنجليزية الأوردية
Кимде-ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми кимде-ким бирөөнү кыйнаса, анда Аллах аны кыйынчылыка салып коёт
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах Таала такыба, бай, купуя пендени жакшы көрөт
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жыттуу атырлар (белекке берилсе) кайтарбайт эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким жылдыз илиминен үйрөнсө ал сыйкырдын бир бутагын (бир азын) үйрөнгөн болот, көбөйткөн сайын көбөйө берет
عربي الإنجليزية الأوردية
Төөлөрдүн моюнундагы тебеге байланган мончокторду да, башка мончокторду калтырбай алышсын" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Ал туура чыгып калган сөздү жиндер уурдап келип (көзү ачык) досунун кулагына тоок какылыктагандай какылдайт. Алар болсо ага жүздөн ашык жалганды аралаштырып айтат"-деп айтты
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге муктаждыктардын башында айтылчу кутпаны минтип үйрөткөн
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, биз кыйынчылыкта да, жеңилдикте да, даяр турганыбызда да, жактырбай турганыбызда да (башчыны) угуп, моюн сунууга, бизге каршы терс таасир этсе да жана бир иште алар менен талашып-тартышпашыбызга жана кайда болсок дагы Аллахтын ыраазычылыгы үчүн айыптоочунун жемелөөсүнөн коркпой чындыкты айтууга байъат (2) бердик
عربي الإنجليزية الأوردية
Баарыңар бир адамдын кол астында турганда силердин араңарды бөлүп-жаргысы келген же жамаатыңарды тыркыратуу үчүн келген адамды өлтүргүлө
عربي الإنجليزية الأوردية
Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты". @*
عربي الإنجليزية الأوردية
Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула
عربي الإنجليزية الأوردية
"Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайсты жоктоп, ал жөнүндө сураганда, бир киши: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мен сизге анын кабарын билип беремин" - деди. Ошентип ал Сабит бин Кайс үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага: "Жаман нерсе болду" - деп айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Ошондуктан ал өзүн тозок ээлеринен дейт эле. Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Анан ал киши Сабит бин Кайска кийинки жолу чоң кабар менен кайтып барды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал кишиге: "Ага барып айткын: Сен тозок ээлеринен эмессиң, тескерисинче, бейиш ээлериненсин» - деди".@
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. @
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду
عربي الإنجليزية الأوردية
Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".@
عربي الإنجليزية الأوردية
Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла
عربي الإنجليزية الأوردية
Адамдардын эң жаманы - Кыямат кайым болгондо тирүү болгондор жана мүрзөлөрдү мечитке (ибадатканага) айландырып алгандар
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет
عربي الإنجليزية الأوردية
Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды
عربي الإنجليزية الأوردية
Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт
عربي الإنجليزية الأوردية
Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт
عربي الإنجليزية الأوردية
Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин
عربي الإنجليزية الأوردية
Анан ага: Сен биздин төрөбүзсүң - десек, ал: "Төрө - Аллах" - деди. Биз: Даража жагынан бийигибиз, берешендик жагынан артыгыбызсың - дедик. Ал: "Ушинтип айтсаңар болот, же мындан да азыраак айткыла. Шайтан силерди өкүл кылып албасын" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген
عربي الإنجليزية الأوردية
Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөбүз тең жунуб болгондо бир эле идиштеги сууга жуунчубуз. Менин айызым келген учурда, мени шым кийип алууга буйручу жана (кийимдин сыртынан) кучактап, жакындачу
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим
عربي الإنجليزية الأوردية
Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер
عربي الإنجليزية الأوردية
Мага мен аны аткарсам бейишке кире турган бир ишти көрсөтчү - деди. Ал: "Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кыласың, парз намаздарды окуйсуң, парз зекетти бересиң, Рамазанда орозо кармайсың" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго
عربي الإنجليزية الأوردية
Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот
عربي الإنجليزية الأوردية
Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз?
عربي الإنجليزية الأوردية
Жаным колунда турган Затка ант ичип айтам, силер да мурда өткөндөрдүн жолуна түшөсүңөр" - деди (ачууланып)
عربي الإنجليزية الأوردية
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал
عربي الإنجليزية الأوردية
Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу
عربي الإنجليزية الأوردية
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир
عربي الإنجليزية الأوردية
Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле
عربي الإنجليزية الأوردية
Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач,
عربي الإنجليزية الأوردية
Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз
عربي الإنجليزية الأوردية
Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб
عربي الإنجليزية الأوردية
Анда Рамазан айы келгенде умрага бар. Ал айдагы умра ажыга тете болот" - деди
عربي الإنجليزية الأوردية
О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет
عربي الإنجليزية الأوردية