عن ابن عمر رضي الله عنهما أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«إِذَا أَكَلَ أَحَدُكُمْ فَلْيَأْكُلْ بِيَمِينِهِ، وَإِذَا شَرِبَ فَلْيَشْرَبْ بِيَمِينِهِ، فَإِنَّ الشَّيْطَانَ يَأْكُلُ بِشِمَالِهِ، وَيَشْرَبُ بِشِمَالِهِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2020]
المزيــد ...

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Силерден бирөө тамактанса оң колу менен жесин, ичкенде оң колу менен ичсин. Анткени шайтан сол колу менен жейт жана сол колу менен ичет".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2020]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулманга оң колу менен жеп-ичүүнү буйруп, сол колу менен жеп-ичүүдөн тыйып жатат. Себеби шайтан сол колу менен ичип-жейт.

Хадистин пайдалары

  1. Сол кол менен ичип-жеш менен шайтанга окшошууга тыюу салынат.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (58)
Дагы...