+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«أَلَا أَدُلُّكُمْ عَلَى مَا يَمْحُو اللهُ بِهِ الْخَطَايَا، وَيَرْفَعُ بِهِ الدَّرَجَاتِ؟» قَالُوا بَلَى يَا رَسُولَ اللهِ قَالَ: «إِسْبَاغُ الْوُضُوءِ عَلَى الْمَكَارِهِ، وَكَثْرَةُ الْخُطَا إِلَى الْمَسَاجِدِ، وَانْتِظَارُ الصَّلَاةِ بَعْدَ الصَّلَاةِ، فَذَلِكُمُ الرِّبَاطُ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 251]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силерге Аллах Таала ал аркылуу күнөө-каталарды өчүрүп, даражаларды көтөрө турган ишти айтайынбы?" Сахабалар: Айтыңыз, о, Аллахтын элчиси" - дешти. "Кыйынчылыкка карабай жеткиликтүү даарат алуу. Мечитке көп каттоо. Намаздан кийин кийинки намазды күтүү. Мына ушул (Аллах менен) бекем байланыш".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 251]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына кайрылып, күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө, периштелердин жазылган китебинен өчүрүлүүсүнө, бейиште даражанын бийик болуусуна себеп боло турган иштерди билүүнү каалайсыңарбы деп сурады.
Сахабалар: Ооба, угууну каалайбыз - деп жооп берет. Ал минтип айтат:
Биринчи: суукта, суу аз учурда, ооруп турганда, же суу ысык болуп калган учурда, айтор кандай кыйынчылык болгонуна карабай, дааратты толук, жеткиликтүү алуу.
Экинчи: алыс үйдөн мечитке басып баруу жана улам-улам мечитке каттоо.
Үчүнчү: намаз убактысын күтүү, жүрөк менен байланып самап күтүү. Мечитте жамаат менен намаз окуу үчүн күтүп отуруу. Бир намаз окулуп бүткөндөн кийин кийинки намазды күтүү.
Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул иштер Аллах менен чыныгы байланыш экенин айтты. Анткени, булар шайтандын азгырык жолдорун тосот. Напси каалоосун тыят. Бул кудум душмандын чегиндеги чек араны коруу сыяктуу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача Румынча Малагасиче Оромочо Каннадача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мындан намазды мечитте жамаат менен окуунун зарылдыгын, намазга кам-пикир кылып, андан алагды болбоо керектигин билдик.
  2. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына аябай кам көргөн, суроо ыкмасы менен аларга сооптуу иштерди түшүндүргөн. Бул таалим берүүдөгү мыкты ыкмалардын бири.
  3. Маселени суроо-жооп аркылуу жеткирүүнүн пайдасы: сөз адамга айкын түшүнүктүү болот.
  4. Навави (Аллах аны ырайым кылсын) минтип айткан: Хадистеги "ушул бекем байланыш" дегендин мааниси, кызыккан нерсеге байлануу дегенди туюндурат. Байланыштын түпкү мааниси бир нерсеге байлануу. Демек, мына ушул ибадаттарга байлангыла деген маани. Бул байланыштын эң абзели деп да айтылган. Чыныгы жихад, өз напсиси менен болгон жихад деген сыяктуу. Аткарууга мүмкүн болгон, жеңил байланыш деген маани болуусу да мүмкүн б.а. Аллах менен болгон байланыштын бир түрү.
  5. Байланыш деген сөздүн арап тилиндеги белгилүү сөздөрдүн формасында келиши - жогорудагы иштердин маанилүү экендигин билдирет.
Дагы...