Хадистердин тизмеси

«Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет. Кимдин хижраты Аллах жана Анын Элчиси үчүн болсо, анда анын хижраты Аллах жана Анын элчиси үчүн болот. Ал эми кимдин хижраты дүнүйөгө жетүү үчүн же аялга үйлөнүү үчүн болсо, анда анын хижраты эмнеге болсо ошол үчүн хижрат кылган болот». Ал эми имим Бухаринин риваятында: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге жараша болот. Ар бир адам ниет кылганына жетет» - деп келет.*@
عربي Алглисче Урдуча
Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат
عربي Алглисче Урдуча
«Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимчен, чачтары капкара болгон бир киши келди. Анын кейпинде мусапырлык белги да жок, эч кимибиз аны тааныбайт да экенбиз. Ал келип эле Аллахтын элчисинин тизесине тизесин тийгизип, колдорун сандарына коюп олтурду да: – Оо, Мухаммад! Мага Ислам жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Ислам – бул Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Анын элчиси экендигине күбөлүк берүүң, намазды толук аткарууң, зекет берүүң, Рамазан орозосун тутууң жана күчүң жетсе каабага ажылык кылууң. - Деп жооп берди. Жанагы киши: – Туура айттың. - Деди. Биз анын суроо берип, кайра өзү тастыктап жатканына таң калдык. Андан кийин ал: – Эми мага Ыйман жөнүндө айтып бер. - Деп сурады. Аллахтын элчиси: – Ыйман – бул Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, акырет күнүнө жана жакшылык менен жамандык тагдырдан болоруна ишенүүң. - Деп жооп берди. Ал киши: – Туура айттың. - Деди. Анан: – Эми мага Ихсан жөнүндө айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: Ихсан – бул сен Аллахты көрүп турганыңдай Ага сыйынууң. Сен Аны көрбөсөң да, Ал сени сөзсүз түрдө көрүп турат. - Деп жооп берди. Ал киши: – Кыямат качан болорун айтып бер. - Деди. Аллахтын элчиси: – Бул жөнүндө суралуучу сурап жаткандан артык билбейт. - Деп жооп берди. Ал киши: – Андай болсо, мага кыяматтын белгилери туурасында айтып бер. - Деди. Ал айтты: – Күңдөн өзүнүн кожоюну төрөлөт, жылаң аяк, киерге кийими жок кедей малчылар бийик-бийик имараттарды курууда бири-бири менен атаандашканына күбө болосуң. - Деп жооп берди. Умар айтты: «Андан кийин ал киши кетип калды. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Аллахтын элчиси менден: – Эй, Умар! Суроо узаткан киши ким экенин билесиңби? - Деп сурады. Мен: – Аллах жана Анын элчиси жакшы билет. - Деп жооп бердим. Ошондо ал: – Чындыгында, ал Жебреил периште болчу. Силерге диниңерди үйрөткөнү келген эле. - Деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген
عربي Алглисче Урдуча
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
Ким чын жүрөгү менен: "Лаа илааха иллаллооху, ва анна Мухамммадан аъбдуху ва расуулух" - деп күбөлүк берсе, Аллах анын тозокко кирүүсүн арам кылат
عربي Алглисче Урдуча
Ким: Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Аллахка таандык
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».@
عربي Алглисче Урдуча
Ким Аллахтан башкага кудай деп дуба кылып жүрүп өлсө, тозокко кирет" - деди
عربي Алглисче Урдуча
«Сен китеп ээлеринен болгон коомго барасын. Аларга барганыңда аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк берүүгө чакыр. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах аларга бир күндө беш убак намазды парз кылгандыгын кабар бергин. Эгер алар аны кабыл кылышса, анда Аллах алардын байларынан алынып кедейлерине бериле турган зекетти парз кылгандыгын кабар бергин. Эгерде алар аны кабыл кылышса, зекетке алардын эң жакшы малын алып коюудан алыс бол. Зулум чеккен адымдын дубасынан сактан. Анткени анын дубасы менен Аллахтын ортосунда тосмо жок.@*
عربي Алглисче Урдуча
«Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».@
عربي Алглисче Урдуча
Ыйман жетимиш канча, же алтымыш канча бутактан турат. Анын эң бийиги "Лаа илааха иллаллоох" сөзү, эң төмөнү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо
عربي Алглисче Урдуча
Кайсы күнөө Аллах үчүн өтө оор? - деп пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сурадым. "Ал сени жаратканына карабай, Ага башканы шерик кошууң
عربي Алглисче Урдуча
«Улуу Аллах Таала айтты: «Мен ширк келтирген шериктерге муктаж эмесмин. Ким Мага иш-аракетти кылууда башканы шерик кошсо, анда Мен аны ошол ширкине таштаймын.*@
عربي Алглисче Урдуча
Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты
عربي Алглисче Урдуча
Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла
عربي Алглисче Урдуча
Силердин эч бириңер мен ага атасынан, баласынан, жалпы эле адамдардан сүйүктүү болмоюнча толук ыймандуу боло албайт
عربي Алглисче Урдуча
Мен силерге айтпаган нерсени ошол бойдон калтыргыла! Анткени, силерден мурдагылар керексиз көп суроо бергени жана пайгамбарларына каяша кылганы үчүн кыйрап жок болгон
عربي Алглисче Урдуча
Менден бир аят болсо да жеткиргиле. Бану-Исраилдин окуяларын айта бергиле, анда эч кандай күнөө жок. Ким менин атымдан атайылап жалган айтса, анда тозоктон жайын даярдай берсин
عربي Алглисче Урдуча
Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби
عربي Алглисче Урдуча
"Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, өлүм жакындаганда жүзүнө чүпүрөк жаап, өлүм азабынан дем алуусу кыйындаганда, аны жүзүнөн алып салып жатты. Ал ошондой оор абалда жатып: "Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады. Алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан" - деп алардын кылгандарынан эскертип жатты".*@
عربي Алглисче Урдуча
Оо, Аллах, менин кабырымды адамдар сыйына турган эстеликке (идол) айлантпа. Аллах пайгамбарларынын кабырын мечитке айланткан коомду каргыштады
عربي Алглисче Урдуча
Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат
عربي Алглисче Урдуча
Эгер арасындагы ийги иш-амалдарды кылган пенде (же киши) дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит куруп
عربي Алглисче Урдуча
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып алтурган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».*@
عربي Алглисче Урдуча
Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди
عربي Алглисче Урдуча
Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет
عربي Алглисче Урдуча
Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган
عربي Алглисче Урдуча
Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.*@
عربي Алглисче Урдуча
Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Рукия, тумарлар жана тивала ширк
عربي Алглисче Урдуча
Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот
عربي Алглисче Урдуча
Аллах кааласа, мен касам ичип кийин андан жакшы ишти көрсөм, касамымды бузуп, жакшы ишти аткара берем" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле
عربي Алглисче Урдуча
Менин силер үчүн корккон нерселеримдин эң коркунучтуусу - кичине ширк". "Кичине ширк деген эмне?" - дешти. Аллахтын элчичи мындай деди: "Рия
عربي Алглисче Урдуча
Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо
عربي Алглисче Урдуча
Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!
عربي Алглисче Урдуча
Ит жана сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт
عربي Алглисче Урдуча
Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун
عربي Алглисче Урдуча
Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла!
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким (башчыларга) баш ийүүсүнөн тайып, жамааттан бөлүнүп өлсө, ал жахилияттын өлүмү менен өлөт. Ким сокур желектин астында согушса, уруусу же улуту үчүн өзгөчө катуу берилип ачууланса, же улутчулдукка чакырса, же аларга жардам берип жүрүп өлсө, анда жахилият өлүмү менен өлөт. Ким менин үммөтүмө каршы чыкса, салихине да, бузукусуна да сокку урса жана ыймандууларды (өлтүрүү азабынан) коркпосо жана анын убадасын аткарбаса, анда ал менден эмес жана мен андан эмесмин
عربي Алглисче Урдуча
Аллах жоопкер кылып койгон пенде, ал өлөөр күнүнө чейин карамагындагыларды алдап жүрүп өлсө, Аллах аны бейишке кирүүсүн арам кылат
عربي Алглисче Урдуча
Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе
عربي Алглисче Урдуча
Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер
عربي Алглисче Урдуча
Оо, Аллах! Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларды кыйнаса, анда ага кыйынчылык бер. Кимде-ким менин үммөтүмдүн иштерин башкарып, аларга жылуу мамиле кылса, анда ага боорукерлик кыл
عربي Алглисче Урдуча
Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Аллахтын Китеби үчүн, Аллахтын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты
عربي Алглисче Урдуча
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы
عربي Алглисче Урдуча
Аллхтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат
عربي Алглисче Урдуча
Ким туура жолго багыт берсе, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына бир киши келип: «Менин улоом өлүп калды, мага мени мингизип алып жүргөнү улоо берчи» десе, Пайгамбар ага: «Менде жок» - деди. Башка бир киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, мен ага аны ким мингизип аларын көрсөтөм» - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким жакшылыкка жол көрсөтсө, анда ага аны аткарган адамдын сообундай сооп болот» - деп айтты.*@
عربي Алглисче Урдуча
Аллахка ант берип айтамын, сенин себебиң менен бир адам динге кирсе, бул сага кызыл төөгө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон
عربي Алглисче Урдуча
Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын
عربي Алглисче Урдуча
Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт
عربي Алглисче Урдуча
Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхуди болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот
عربي Алглисче Урдуча
Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты
عربي Алглисче Урдуча
Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан
عربي Алглисче Урдуча
Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл
عربي Алглисче Урдуча
Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн
عربي Алглисче Урдуча
Бейиш силерге бут кийимиңердин боосунан да жакыныраак жана тозок да ошол сыяктуу
عربي Алглисче Урдуча
Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган
عربي Алглисче Урдуча
Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебреил периштени бейишке жөнөтүп: «Бейишке көз салып көр, мен ал үчүн эмнелерди гана даярдаганымды кара» - деди. Жебреил периште бейишти көрүп чыгып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, аны ким гана уккан болсо, анда ага сөзсүз аракет кылып кирет" - деди. Ошондо Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчоого буйруду. Анан Жебреил периштеге: «Бейишке баргын да, бейишти жана Мен анда анын эли үчүн эмнелерди даярдап койгонумду карагын» - деп жөнөттү. Жебреил периште бейишке келип караса, анын айланасы кыйынчылыктар менен курчалган экен. Жебреил периште Раббисине келип мындай деп айтты: «Сенин кудуретиңе ант болсун, ага эч ким кире албайтко деп корктум». Аллах ага: «Сен баргын да, тозокту жана анын эли үчүн эмнени даярдап койгонумду көр» - деп буйруду. Периште тозокко барып караса, алар биринин алоолонгон отунан экинчисин оту өйдө болуп жанып жаткан экен, анан кайра кайтып келип: «Сенин улуулугуңа ант болсун, ага эч ким кирбейт» – деп айтат. Ошондо Аллах аны азгырыктар менен курчоого буйруйт. Анан Жебреилге: «Артка кайтып барып, аны кайрадан карагын» - деп кайра карап келүүгө буйруйт. Жебреил периште барып караса, анын айланасы азгырыктар менен курчалган болот. Ал Аллахка кайтып барып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, мен андан эч ким кутула албайт деп коркуп турам» - деп айтат
عربي Алглисче Урдуча
Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык
عربي Алглисче Урдуча
Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт
عربي Алглисче Урдуча
Кыямат күнү Аллахтын алдында азабы катуу боло турган адамдар - Аллахтын жараткан нерселерине окшошту тарткандар" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат
عربي Алглисче Урдуча
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)*@
عربي Алглисче Урдуча
Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт
عربي Алглисче Урдуча
Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду
عربي Алглисче Урдуча
Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыка ырыскы бергендей ырыскы бермек
عربي Алглисче Урдуча
Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат
عربي Алглисче Урдуча
«Эй, пенделерим! Чындыгында, Мен зулумдук кылууну Өзүмө арам кылдым жана аны силерге да арам кылдым. Ошондуктан силер, эч качан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! Эй, пенделерим! Чындыгында силердин баарыңар адашуудасыңар, бир гана Мен туура жолго салып койгон адамдар гана туура жолдо. Мына ошондуктан силер Менден туура жол сурагыла! Ошондо Мен силерди туура жолго саламын. Эй, пенделерим! Чындыгында, бардыгыңар ачкасыңар, Мен ырыскы берген адамдар гана ток болушат. Ошондуктан менден ырыскы сурагыла, Мен силерге ырыскы беремин. Эй, пенделерим! Акыйкатта силердин араңардан, Мен кийинтип койгон адамдардан башка баарыңар жылаңачсыңар. Ошондуктан силер – Менден гана кийиндирүүнү сурангыла, Мен силерди кийимдүү кылам. Эй, пенделерим! Силер эртеден кечке күнөө кыласыңар. Ал эми Мен күнөөлөрдүн бүт баарын кечиремин. Ошондуктан силер – Менден кечирим сурагыла! Мен силерди кечиремин. Эй, пенделерим! Мага зыян бергенге аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага зыян бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Силер Мага пайда бергенге да аракет кылып көргүлө. Бирок силер – эч качан Мага пайда бере албайсыңар. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү силердин араңардан эң такыбалуу бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде такыбаа болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени көбөйтпөйт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысынын жүрөктөрү, силердин араңардан эң жаман бир кишинин жүрөгүндөй болуп бир деңгээлде жаман болсоңор да, бул нерсе Менин мүлкүмдөн эч нерсени азайтпайт. Эй, пенделерим! Эгерде силерден алгачкыңардан баштап акыркыңарга чейинки адамдардын жана жиндердин бүт баарысы бир жерге чогулушуп туруп, Менден муктаждыктарын сураса, Мен алардын ар бирине сураган нерселерин берсем да бул нерселер – ийне деңизге салынып алынганда деңиздин суусун ийне азайткан сыяктуу менин мүлкүмдөн ошончолук деңгээлде гана кемите алат. Эй, пенделерим! Чындыгында, алар силердин кылган иш-аракеттериңер. Ал иш-аракеттериңерди эсеп-кысап кылам. Анан ошого жараша силерге сооп же жаза берем. Кимде-ким өзүн жакшы абалда тапса, анда ал Аллахка мактоо айтсын. Ал эми кимде-ким өзүн жакшы абалда таппаса, анда ал өзүнөн башка эч кимди күнөөлөбөсүн».*@
عربي Алглисче Урдуча
Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган
عربي Алглисче Урдуча
Чынында Аллах Таала заалымга убакыт берет, анан аны кармаганда такыр коё бербейт
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Улуу Раббисинен риваят кылган хадисте мындай деп айтты: «Чындыгында, Аллах жакшылыктарды да, жамандыктарды да жазып анан аны ачык баяндады. Кимде-ким бир жакшылык кылууну каалап, аны аткара албай калса, анда Аллах Өзүндө ага толук жакшылык жазат. А эгерде ал ниет кылып аны аткарса, анда Аллах Өзүндө ага он эседен жети жүз эсеге чейин, бир канча эселетип жазат. Кимде-ким бир жамандык кылууну ниет кылып, аны кыла албай калса, анда Аллах ага толук жакшылык жазат. А эгерде ниет кылып аны аткарган болсо, анда Аллах Өзүндө ага бир жамандыкты гана жазат».@
عربي Алглисче Урдуча
Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат
عربي Алглисче Урдуча
Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).@*
عربي Алглисче Урдуча
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, айтыңызчы, мен Исламга чейинки доордо азат кылган, садака берген жана туугандык мамиле кылган иштерим үчүн соопторду аламбы?» - деп айттым. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Сендеги болгон жакшылык иштериң менен бирге Исламды кабыл алгансың» - деп айтты. @
عربي Алглисче Урдуча
Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт
عربي Алглисче Урдуча
Эй, адам баласы! Эгер Мага дуба кылып, анын кабыл болуусун үмүт кылсаң, сенден болгон күнөөнүн баарын кечирип коюу Мага эч нерсе эмес
عربي Алглисче Урдуча
«Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.*@
عربي Алглисче Урдуча
Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет
عربي Алглисче Урдуча
Чынында, Аллах Таала күндүзү күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн түнү колун созот. Түндө күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн күндүзү колун созот. Анын мындай ырайымы күн батыштан чыкканча уланат
عربي Алглисче Урдуча
Раббибиз Улук Аллах Таала ар бир түнү түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү калганда дүйнө асманына түшөт
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк
عربي Алглисче Урдуча
Менин сахабаларыма тил тийгизбегиле! Силерден бирөөңөр Ухуд тоосундай каржы берсе, анысы сахабаларымдын бир кочуш же анын жарымындай каржысына татыбайт
عربي Алглисче Урдуча
«Күндөрдүн биринде мен пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».*@
عربي Алглисче Урдуча
мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот
عربي Алглисче Урдуча
Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет
عربي Алглисче Урдуча
Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди
عربي Алглисче Урдуча
Эгер суу эки кулла (чоң кумара) чыга турган болсо, ал нажас болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Даарат ушатууга барганыңарда кыбалага жүздөнүп отурбагыла, артыңарды да салбагыла. Чыгышка же батышка жүздөнүп отургула
عربي Алглисче Урдуча
Эч кимиңер заара кылганда мүчөсүн оң колу менен кармабасын. Даарат ушатканда оң колу менен тазалабасын. Ичкенде идиштин ичине демин чыгарбасын
عربي Алглисче Урдуча
Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу
عربي Алглисче Урдуча
Силерден бирөөңөрдүн даараты бузулса, даарат алмайынча Аллах намазын кабыл кылбайт
عربي Алглисче Урдуча
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду
عربي Алглисче Урдуча
Суу жетпеген согончокторго азап болот, дааратты жеткиликтүү алгыла!" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот." - деди
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды
عربي Алглисче Урдуча
Усман ибну Аффан, радыяллаху анхунун, кулу Хумрон айтат: “Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, даарат алганга суу алдырды да идиштеги суудан эки колуна куюп, колдорун үч жолу жууду. Андан кийин оң колу менен идиштен суу алып оозу менен мурдун чайкады. Андан соң бетин үч жолу жана колдорун чыканакка чейин үч жолу жууду. Андан кийин башына масх тартты да эки бутун үч жолудан жууду. Анан мындай деп айтты: “Мына мен ушундай даарат алганымдай Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, даарат алып жатканын көрдүм”. Анан айтты: “Ким менин даарат алганымдай даарат алып, эч нерсени сүйлөбөй эки рекет намаз окуса, Аллах таала анын өткөн күнөөлөрүн кечирет”.*@
عربي Алглисче Урдуча
Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын
عربي Алглисче Урдуча
Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканадан чыкканда: "Гуфранака" деп айтчу
عربي Алглисче Урдуча
Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндө турганда, оозун мисвак менен тазалайт эле
عربي Алглисче Урдуча
Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт
عربي Алглисче Урдуча
Беш нерсе бул адамдын табияттык тазалыгынан. Алар: сүннөткө отургузуу, уяттуу жерлердеги түктөрдү кыруу, мурутту кыскартуу, тырмактарды алуу жана колтуктун түктөрүн жулуу
عربي Алглисче Урдуча
Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу
عربي Алглисче Урдуча
Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду
عربي Алглисче Урдуча
Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин
عربي Алглисче Урдуча
бул тамыр (жарылгандан чыккан) каны. Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер
عربي Алглисче Урдуча
Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын
عربي Алглисче Урдуча
Эгерде бирөөңөрдүн идишине ит башын салса, ал идишти жети жолу жууп тазаласын
عربي Алглисче Урдуча
Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)
عربي Алглисче Урдуча
Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот
عربي Алглисче Урдуча
Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет
عربي Алглисче Урдуча
Азан жана икооматтын ортосунда айтылган дуба артка кайтарылбат
عربي Алглисче Урдуча
- деп сурады. "Ооба" - деди тиги киши. "Анда ага жооп бер" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы?
عربي Алглисче Урдуча
Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - деди. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу
عربي Алглисче Урдуча
Кайсы бир мусулман пенде, ага парз намаздын убактысы келгенде дааратын жеткиликтүү алып, жүрөгү менен берилип, үрүкүлөрүн жакшы аткарып намаз окуса, андан мурдагы (майда) күнөөлөрүн кетирет, эгер ал чоң күнөө кылбаган болсо. Бул ар дайым ушундай
عربي Алглисче Урдуча
Беш убак намаз бири-бирине чейинки, жума намазы келерки жумага чейинки, Рамазан айы келерки Рамазан айына чейинки кичине күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болсо
عربي Алглисче Урдуча
Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө
عربي Алглисче Урдуча
Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат
عربي Алглисче Урдуча
Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр
عربي Алглисче Урдуча
Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб,
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды баштаганда эки колун эки ийининин тушуна чейин көтөрчү
عربي Алглисче Урдуча
Фатиханы окубаган адамдын намазы жок
عربي Алглисче Урдуча
"Чындыгында, Абу Хурайра, радыяллаху анху, ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан". @
عربي Алглисче Урдуча
Жети мүчөмдү жерге тийгизип сажда кылууга
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын пендеге эң жакын боло турган учуру - түндүн акыркы бөлүгү
عربي Алглисче Урдуча
Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар
عربي Алглисче Урдуча
Ким эртең мененки жана кеч курунку намазды окуса, бейишке кирет
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот. Ошондуктан Аллах силерден Өзүнүн коргоосундагы адам тууралуу эч нерсени талап кылбасын. Анткени Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозоко ыргытат
عربي Алглисче Урдуча
Ким асыр намазын калтырса, анын амалы текке кетет" - деген
عربي Алглисче Урдуча
Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку
عربي Алглисче Урдуча
Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек. Мен намаз окууга буйрук берип, намаз окулуп, бир кишини адамдарга имам болуп намаз окууга буюруп, анан мен отун көтөргөн кишилер менен намазга келбеген адамдарга барып алардын үйлөрүн өрттөөнү кааладым
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу
عربي Алглисче Урдуча
Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имим такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү
عربي Алглисче Урдуча
Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт
عربي Алглисче Урдуча
Тамак келгенде намаз болбойт жана эки нажас келип калган абалда туруп да намаз окулбайт
عربي Алглисче Урдуча
Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*
عربي Алглисче Урдуча
Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт
عربي Алглисче Урдуча
Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу
عربي Алглисче Урдуча
Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын
عربي Алглисче Урдуча
Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса,
عربي Алглисче Урдуча
Аллахумма антас-салам, ва минкас-салам, табааракта зал жалаали вал икрам" деп айтчу
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ушул сөздөрдү ар бир намаздан кийин айтчу" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым
عربي Алглисче Урдуча
Бардык эки азандын ортосунда намаз бар. Бардык эки азандын ортосунда намаз бар". Анан: "Каалагандар үчүн" - деп кошумчалаган
عربي Алглисче Урдуча
Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун
عربي Алглисче Урдуча
Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң
عربي Алглисче Урдуча
Туруп оку, эгер анте албасаң, анда отуруп оку. Эгер анте да албасаң, анда жатып оку" - деди
عربي Алглисче Урдуча
Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".*@
عربي Алглисче Урдуча
Алтыны жана күмүшү бар адам, ал экөөнүн акысын бербесе, кыямат күнү болгондо, алтын-күмүшү оттон болгон тактайчага айланат
عربي Алглисче Урдуча
Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Таала: "О, Адам баласы! Нафака бер, сага да нафака берилет" деген
عربي Алглисче Урдуча
Эгер киши үй-бүлөсүн сооп үмүт кылуу менен каржыласа, анын каржысы садака болуп эсептелет
عربي Алглисче Урдуча
“Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
عربي Алглисче Урдуча
Күмүштү алтынга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Буудайды буудайга алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Арпаны арпага алмаштыруу сүткордук болот, бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес. Курманы курмага алмаштыруу сүткордук болот. Бирок колмо-кол болсо эч нерсе эмес
عربي Алглисче Урдуча
Эй, адамдар! Саламыңарды жайылткыла. Ачкаларды тоюндургула! Туугандар менен катташкыла! Түндө башкалар уктап жатканда силер намаз окугула! Ошондо эч жамандыкка учурабай бейишке киресиңер!
عربي Алглисче Урдуча
Оо, адамдар! Аллах Аруу-Таза, таза нерселерди гана кабыл кылат. Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга буйруган нерсени буйруган
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат
عربي Алглисче Урдуча
Сатканда, сатып алганда жана өз акысын талап кылганда жоомарт адамды Аллах ырайымына алсын
عربي Алглисче Урдуча
Бир киши адамдарга ар дайым карыз берет эле. Ал карызды чогулткан жаш жигитине: «Эгерде кедей карыздар адамга жолугуп калсаң, анда анын карызын кечип жибер. Балким Аллах бизди да кечирээр» - деп айтат эле. Ошондуктан ал көз жумуп Аллахка жолукканда Аллах Таала аны кечирди
عربي Алглисче Урдуча
Аллахтын мүлкүн адилетсиздик менен иштеткен эркектер, алар Кыямат күнү тозокто болушат
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Таала айтат: "Адам баласынын бардык амалы өзү үчүн. Бир гана орозосу андай эмес. Анын орозосу Мен үчүн жана анын сооп-сыйын Мен Өзүм берем
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким Рамазанда ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет
عربي Алглисче Урдуча
Эң сүйүктүү досум (пайгамбар) (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мага үч ишти осуят кылды: ар айда үч күндөн орозо кармоону; (күн сайын) эки рекеттен чашке намазын окууну; уктаардан мурда витр намазын окуп жатууну
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирген абалда жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет
عربي Алглисче Урдуча
Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат
عربي Алглисче Урдуча
Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү
عربي Алглисче Урдуча
Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Таала менин үммөтүмдүн ой-санаасына келген, бирок аткарбаган жана эч кимге айтпаган күнөөлөрүн кечирет
عربي Алглисче Урдуча
Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт
عربي Алглисче Урдуча
Чынында, Аллах кызганат. Чынында ыймандуу пенде да кызганат. Аллахтын кызгануусу ыймандуу пенде Анын тыюу салган ишине барганда болот
عربي Алглисче Урдуча
Кыйратуучу жети күнөөдөн алыс болгула». Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Алар кайсылар?» — деп сурашты. Аллахтын элчиси: «Аллахка ширк кылуу, сыйкырчылык, Аллах өлтүрүүнү арам кылган жанды эч бир акысыз өлтүрүү, сүткорлук кылуу, жетимдин мал-мүлкүн жегендик, согуш учурунда артка качуу жана күнөө кылуудан капилетте калган, абийирдүү жана ыймандуу аялдарга бузуку деп жалаа жабуу» - деп айтты
عربي Алглисче Урдуча