+ -

عن عُقبة بن عامر الجُهني رضي الله عنه قال: قال رسولُ الله صلَّى الله عليه وسلم:
«الجاهِرُ بالقرآن كالجاهِرِ بالصَّدَقَةِ، والمُسِرُّ بالقرآن كالمُسِرِّ بالصَّدَقَة».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي والنسائي]
المزيــد ...

Укба бин Амир Аль-Жухани, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».

Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Куранды ачык окуган адам ачык садака кылгандай болот. Ал эми Куранды ичинен окуган адам жашырып садака берген адам сыяктуу болорун ачыктап берди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Садаканы жашырып берген жакшыраак болгондой эле Куранды да ичинен окуган жакшы. Анткени ичинен окуган Куран тилаватында ыкластуулук болот. Риякерликтен жана өзүнө өзү суктануудан алыс болот. Бир гана муктаждык болгондо тышынан окуса болот. Мисалы: Куран үйрөтүү сыяктуу үн көтөрүп окуу муктаждыгы болсо, анда үнүн тышынан чыгарып окуйт.
Дагы...