79Хадистердин тизмеси

Хадистердин тизмеси 79

1. Улук Аллах Таала силерди атаңардын аты менен касам ичүүдөн тыйды
2. Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот
3. Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү - 4 ملاحظة
4. Качан азанды уксаңар, азанчы айткандай кайталап айткыла
5. Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин
6. бул тамыр (жарылгандан чыккан кан). Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер
7. Силердин бирөөңөр даарат алса, мурдуна суу алып, анан кайра чимкирсин. Аврет жерлерин тазаласа так санда тазаласын
8. Киши үйүнө киргенде, кирээрде жана тамак ичээрде Аллахтын атын атап эстесе, Шайтан (жан-жөкөрлөрүнө): Силерге мында түнөк да жок, тамак да жок - дейт - 2 ملاحظة
9. Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Аллах Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула - 2 ملاحظة
10. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) он ирекет намазын эстеп калдым
11. Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу
12. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менин алаканымды эки алаканын ортосуна кармап, ташахудду мага куду Курандын сүрөлөрүн үйрөткөндөй үйрөттү
13. Аллахым, кабыр азабынан, тозок азабынан, жашоонун жана өлүм фитна-бүлгүнүнөн жана масих Дажжалдын фитна-бүлгүнүнөн сактоону Өзүңдөн суранам - 2 ملاحظة
14. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажатканага кирээрде: "Аллахым, жиндердин эркек, ургаачысынын жамандыгынан сактоону Өзүңдөн тилейм" деп айтчу
15. Келечекте өзүмчүл башчылар жана диниңерде жек көргөн иштер болот". О, Аллахтын элчиси, (ал учурда) бизди эмне кылууга буйруйсуң - дешти (сахабалар). "Силердин моюнуңардагы милдетиңерди аткара бергиле, акыңарды Аллахтан сурагыла" - деди
16. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жунубдуктан жуунганда, алгач эки колун жууп, анан намазга даарат алгандай даарат алчу да, андан кийин толук жуунчу
17. Аллахтын чегинде турган жана ага кирип кеткен адамдын мисалы, бир адамдарга окшойт, алар кемеге чыгарда чүчү кулак кылып, кээ бири үстүнкү кабатына, кээ бири астына жайгашат - 8 ملاحظة
18. Мен маази суусу көп аккан киши элем. Анын күйөө баласы болгонум үчүн пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (бул тууралуу) суроодон уялып жүрдүм. Анан Микдад бин ал-Асвадды сурап келүүгө жибердим. (Сураса), ал: "Аспабын жууп, анан даарат алат" - дептир
19. Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле
20. Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла - 2 ملاحظة
21. Аллахка кайсы иш-амал көбүрөөк жагат? - деп сурадым. "Өз убагында окулган намаз" - деди ал. Андан кийиничи? - дедим. "Андан кийин ата-энеге жакшы мамиле кылуу" - деди. Андан кийинчи? - деди. "Аллахтын жолунда жихадга чыгуу - 2 ملاحظة
22. Бир киши Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көз алдында сол колу менен тамак жеди эле, ал: "Оң колуң менен жегин" - деди. Тиги: (Оң колум менен) жей албаймын - деди. "Анда жей албай калгын
23. Ким туура жолго чакырса, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт
24. Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет
25. Анан ага: Сен биздин төрөбүзсүң - десек, ал: "Төрө - Аллах" - деди. Биз: Даража жагынан бийигибиз, берешендик жагынан артыгыбызсың - дедик. Ал: "Ушинтип айтсаңар болот, же мындан да азыраак айткыла. Шайтан силерди өкүл кылып албасын" - деди
26. Эй, адамдар, динде аша чаап кетүүдөн сактангыла. Анткени, силерден мурдагылар динде аша чапканы үчүн кыйрап жок болгон" - деди
27. О, агам, "Лаа илааха иллаллооху" деген сөздү айтыңыз, Аллахтын алдында сен үчүн буга күбө өтөмүн" - деди
28. Оору жукпайт, жамандыкка жоруу да жок. Мага фаьл жагат". Фаьл деген эмне? деп сурашканда: "Бул жакшы сөз" - деди
29. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген
30. Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү
31. Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду
32. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) экөбүз тең жунуб болгондо бир эле идиштеги сууга жуунчубуз. Менин айызым келген учурда, мени шым кийип алууга буйручу жана (кийимдин сыртынан) кучактап, жакындачу
33. Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад анын элчиси экендигине күбөлүк берүүгө, намаз окууга, зекет берүүгө, (башчыны) угууга жана баш ийүүгө, бардык мусулмандарга насаат кылууга ант-убада бердим
34. Раббиңер Аллахтан корккула, беш убак намазыңарды окугула, айлык орозоңорду кармагыла, мал-дүйнөңөрдүн зекетин бергиле, жол башчыңарга баш ийгиле, ошондо Раббиңердин бейишине киресиңер
35. Мага мен аны аткарсам бейишке кире турган бир ишти көрсөтчү - деди. Ал: "Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кыласың, парз намаздарды окуйсуң, парз зекетти бересиң, Рамазанда орозо кармайсың" - деди - 2 ملاحظة
36. Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет - 2 ملاحظة
37. эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго
38. Мен адамдар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине, Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче алар менен согуша берүүгө буйрулдум
39. Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат
40. Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот
41. Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт
42. Эгерде силерден кимдир бирөөнүн эшик алдында дарыя агып, анан ал ошол дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, анын денесинде кир калабы? - 2 ملاحظة
43. Ыймандуулар бири-бирин жакшы көрүүдө, ырайым кылууда жана жардам берүүдө бир бүтүн дене сыяктуу, дененин бир мүчөсү ооруса, уйкусуздукта жана ысытмада ага бардык мүчөлөр шерик болот - 8 ملاحظة
44. Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө - 2 ملاحظة
45. Кыямат күнү ыймандуу адамдын таразасына салмак боло турган жакшы кулк-мүнөздөн өткөн оор нерсе жок. Чынында, Аллах бузуку жана богооз адамдарды жаман көрөт - 2 ملاحظة
46. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге чыкты. Биз: О, Аллахтын элчиси, биз сага кантип салам айтканды үйрөндүк, ал эми салаватты кантип айтабыз? - 2 ملاحظة
47. Фатиханы окубаган адамдын намазы жок - 6 ملاحظة
48. Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллахка жакшыраак жана сүйүктүүрөөк. Алардын экөөсүндө тең жакшылык бар
49. Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көп кылган дубасы: "Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана, ва кынаа азаабан-наар" деген дуба эле
50. Истигфардын төрөсү - 4 ملاحظة
51. Зулумдуктан сактангыла! Себеби зулумдук - кыяматтагы караңгылык. Ач көздүктөн сактангыла! Анткени, силерден мурдагылар ач көздүктүн айынан кыйроого учураган - 2 ملاحظة
52. Бир адам Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мусулманчылыктын жакшысы кандай болот?" - деп сурады эле, ал: Муктаждарды тойгузасың, таанышка да, бейтаанышка да салам айтасың" - деди
53. Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жоопкерсиңер
54. Жаным колунда турган Затка ант ичип айтам, силер да мурда өткөндөрдүн жолуна түшөсүңөр" - деди (ачууланып)
55. Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир киши келип, кээ бир иштер тууралуу сүйлөшүп, акырында: Аллах жана сен кааладың... - деди эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Мени Аллахка шерик кыласыңбы?! Жалгыз Аллах каалады деп айткын" - деди
56. Кыямат күнү Аллахтын алдында азабы катуу боло турган адамдар - Аллахтын жараткан нерселерине окшошту тарткандар" - деди
57. Кул хуваллааху ахадды" жана эки сактоочу сүрөнү оку, кеч киргизгениңде жана таң атырганыңда үч жолудан окуп жүрсөң, бардык жамандыктан сактоого жетиштүү болот" - деди
58. Аллахтан башка кудай жок. Ал - жалгыз. Анын шериги да жок. Аллах - эң Улук. Аллахка көп мактоолор болсун. Бардык ааламдардын Раббиси - Аллахты аруулайм. Өзгөрүү да күч-кубат да Даанышман жана Кудуреттүү Аллахтан" деп айткын деди. Анда ал - 6 ملاحظة
59. Кайсы бир мусулман пенде, ага парз намаздын убактысы келгенде дааратын жеткиликтүү алып, жүрөгү менен берилип, үрүкүлөрүн жакшы аткарып намаз окуса, андан мурдагы (майда) күнөөлөрүн кетирет, эгер ал чоң күнөө кылбаган болсо. Бул ар дайым ушундай
60. Куран окуган ыймандуу адам цитрон сыяктуу, анын жыты да, даамы да сонун. Ал эми Куран окубаган ыймандуу адам курма сыяктуу, анын жыты жок, бирок даамдуу - 8 ملاحظة
61. Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир
62. Ким азанчынын үнүн укканда: "Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху вахдаху лаа шарика лах, ва анна Мухаммаддан абдуху ва расуулух, розийту биллаахи роббан, ва бил ислаами диинан" деп айтса, анын күнөөлөрү кечирилет
63. Адам баласы мени жалганчыга чыгарды, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле. Алар Мени сөгүштү, мындай кылуу аларга ылайык эмес эле
64. Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок - 2 ملاحظة
65. Тумар тагынган адам, чынында ширк кылган болот" - деди
66. Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду
67. Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач,
68. Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт
69. Периштелер ит жана коңгуроо бар кербенге (жолоочуларага) жолдош болбойт
70. Тазалыктан кийин кызгылтым жана саргыч суу келсе, аны айыз деп эсептечү эмеспиз
71. Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди
72. Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб - 4 ملاحظة
73. Мусулман адам - башка мусулмандар анын колунан жана тилинен зыян тартпаган адам. Мухажир адам - Аллах тыюу салган нерселерди таштаган адам
74. Аял киши эки күндүк жолго күйөөсү же махрамы менен гана чыгат
75. Кимде-ким ар бир парз намаздан кийин отуз үч жолу Аллахка тасбих айтса, отуз үч жолу алкыш-мактоо айтса, отуз үч жолу такбир айтса, жалпы токсон тогуз болуп, жүзүнчүсүн: "Лаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, ва хува алаа кулли шайин кодиир" деп жыйынтыктаса, деңиздин көбүгүндөй көп күнөөсү болсо да кечирилет - 2 ملاحظة
76. Кимде-ким ар бир парз намазынан кийин "Аят ал-Курси" деген аятты окуп жүрсө, анын бейишке кирүүсүн өлүмү гана тосуп турат
77. Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт
78. Эгерде силерден бирөөңөр намаз окуп жатып үч рекетпи же төрт рекетпи окуганын билбей шектенип калса, шектенип турганын эмес, анык болуп турганын улантып окуй берсин. Анан намаздын акырында салам берүүдөн мурда эки жолу сажда кылсын
79. Бардык мас кылуучу ичимдиктер арак. Ал эми бардык мас кылуучу ичимдиктер арам. Кимде-ким бул дүйнөдө арак ичип жүрүп тообо кылбастан өтүп кетсе, акыретте аны иче албайт - 6 ملاحظة