Майда категориялар

Хадистердин тизмеси

1. Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
2. Силердин кимиңер күнөө ишти көргөн болсо, анда аны колу менен токтотсун! А эгерде колу менен токтото албаса, анда тили менен токтотсун! Ал эми тили менен да токтото албаса, анда жүрөгүнөн жек көрсүн! Мына бул ыймандын эң алсыздыгы - 4 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
3. Ким Исламда жакшылык кылса, жахилиятта кылган иши үчүн жазаланбайт, ал эми ким Исламда жүрүп жаман иштерди кылса, биринчи жана акыркысы үчүн жазаланат
عربي Алглисче Урдуча
4. Айтыңызчы, мен парз намаздарын окуп, Рамазан орозосун кармасам, адалды адал деп билип, арамды арам
عربي Алглисче Урдуча
5. Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асман менен жердин - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
6. Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби - 6 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
7. Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жаткам. Ошондо Пайгамбар айтты: "Эй, Муаз! Сен пенделердин Аллахка болгон акыларын жана Аллахтын пенделерине болгон акысын билесиңби?" - деп сурады. Мен: "Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет" - деп айттым. Ал: "Пенделердин Аллахка болгон акылары - жалгыз Ага гана сыйынуулары жана Ага эч кимди шерик кылбоосу - деп айтты. Ошондой эле Аллахтын пенделерине болгон акысы - ал Өзүнө шерик кошпогон пендесин азапка салбоосу" - деди. Мен: "О, Аллахтын Элчиси! Мен бул кабарды элге айтып сүйүнчүлөсөм кандай?" - дедим. Ал: "Аларды сүйүнчүлөбөй эле кой. Андай кылсаң алар ушуга таянып алышат"* - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
8. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».@
عربي Алглисче Урдуча
9. мага Исламдагы бир сөздү үйрөт, ал жөнүндө сенден башка эч кимден сурабаймын, - дедим. Ал: "Аллахка ыйман келтирдим" дегин, анан түз жүргүн" - деди - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
10. Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт
عربي Алглисче Урдуча
11. Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебреил периштени бейишке жөнөтүп: «Бейишке көз салып көр, мен ал үчүн эмнелерди гана даярдаганымды кара» - деди. Жебреил периште бейишти көрүп чыгып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, аны ким гана уккан болсо, анда ага сөзсүз аракет кылып кирет" - деди. Ошондо Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчоого буйруду. Анан Жебреил периштеге: «Бейишке баргын да, бейишти жана Мен анда анын эли үчүн эмнелерди даярдап койгонумду карагын» - деп жөнөттү. Жебреил периште бейишке келип караса, анын айланасы кыйынчылыктар менен курчалган экен. Жебреил периште Раббисине келип мындай деп айтты: «Сенин кудуретиңе ант болсун, ага эч ким кире албайтко деп корктум». Аллах ага: «Сен баргын да, тозокту жана анын эли үчүн эмнени даярдап койгонумду көр» - деп буйруду. Периште тозокко барып караса, алар биринин алоолонгон отунан экинчисин оту өйдө болуп жанып жаткан экен, анан кайра кайтып келип: «Сенин улуулугуңа ант болсун, ага эч ким кирбейт» – деп айтат. Ошондо Аллах аны азгырыктар менен курчоого буйруйт. Анан Жебреилге: «Артка кайтып барып, аны кайрадан карагын» - деп кайра карап келүүгө буйруйт. Жебреил периште барып караса, анын айланасы азгырыктар менен курчалган болот. Ал Аллахка кайтып барып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, мен андан эч ким кутула албайт деп коркуп турам» - деп айтат
عربي Алглисче Урдуча
12. Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл
عربي Алглисче Урдуча
13. Аллахтан корккула! Башчыңар хабаший (ынды кара) кул болсо да аны уккула жана моюн сунгула! Менден кийин көптөгөн карама-карышылыктарды көрөсүңөр. Ошондо менин жана менин туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөт жолун бекем кармагыла! - 6 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
14. Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)
عربي Алглисче Урдуча
15. Ким бир намазды унутса, аны эстегенде окусун. Ага андан башка каффарат (8) жок. Аллах таала айтты: "Мени эстөө үчүн намаз оку
عربي Алглисче Урдуча
16. Чындыгында, адам менен ширк, каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат
عربي Алглисче Урдуча
17. Чындыгында, биз менен алардын ортосундагы келишим намаз, ким аны таштаса, каапыр болот - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
18. Аллах таала айтты: "Намазды Менин жана пендемдин ортосунда экиге бөлдүм, ошондой эле пендеме сураган нерсеси (берилет). Эгерде пенде: "Альхамду лиллахи Роббиль ааълямиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага шүгүрлөрдү айтты". Эгерде пенде: "Ар-Рахманир Рахийм" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мага мактоолорду айтты". Эгер пенде: "Маалики яумуддиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Пендем Мени улуктады". Эгерде пенде: "Иййака наьбуду ва иййака настаьийн" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул Мени менен пендемдин ортосундагы (нерсе) жана Пендеме сураган нерсеси (берилет)". Эгерде пенде: "Ихдинас сиротоль мустакийм. Сиротоль лязиина анъамта аълайхим гойриль магдууби алайхим уа ляд-дооооллиин" - деп айтса, Аллах айтат: "Бул пендем үчүн, пендеме сураган нерсеси (берилет)
عربي Алглисче Урдуча
19. «Оо, Аллахтын Элчиси, кандай гана жаман иш болбосун, эч кимисин калтырбай аткарып чыктым». Анда Пайгамбар: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк бересиңби?» - деп үч жолу сурады. Ал: «Ооба, күбөлүк берем» - деп айтты. Пайгамбар айтты: «Күбөлүк берүүң ал жаман иштериңди жууп кетет
عربي Алглисче Урдуча
20. Мен: "Оо, Аллахтын Элчиси, Ибн Жудаан Исламга чейинки доордо тууганчылык байланыштарды бекемдеп, кедей-кембагалдарды тоюндурчу, бул ага пайдасын береби?" - деп сурадым. Ал айтты: «Бул ага эч кандай пайда алып келбейт, анткени ал эч качан: «Раббим, Кыямат күнү менин күнөөмдү кечир» - деп айткан эмес».@
عربي Алглисче Урдуча
21. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аль-Худайбияда жамгыр жааган түнү биз менен бирге багымдат намазын окуду. Ал намаздан кийин элге кайрылып: «Раббиңер эмне дегенин билесиңерби?» - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - деп айтышты. Пайгамбар айтты: «Раббиңер: Менин пенделеримдин арасынан Мага ыйман келтиргени жана Мага каапыр болгону бар» - деди . Кимде-ким: «Бизге Аллахтын пазилети жана ырайымы менен жамгыр жаады» деген болсо, анда алар Мага ыйман келтирди жана жылдыздарга каапырлык кылышты. Ал эми: «Бизге баланча же түкүнчө жылдыздын таасиринен жамгыр жаады» деген болсо, анда ал Мага каапыр болду жана жылдыздарга ыйман келтирди» - деп айтты.*@
عربي Алглисче Урдуча
22. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, сахабалар келип: «Биздин оюбузга айтканга тил барбаган жаман ойлор келет» - деп сурашты, анда Пайгамбар: «Силерге ушундай ойлор келип жатабы?» - деди. Алар: «Ооба» дешти. Пайгамбар: «Бул ыймандуулуктун ачык белгиси» - деп айтты. @
عربي Алглисче Урдуча
23. «Бир киши Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, биздин оюбузга ушундай ойлор келет. Аны сизге айтууга караганда күл болуп күйүп калганыбыз жакшыраак» - деп айтат. Анда Пайгамбарыбыз: «Аллаху Акбар! Аллаху Акбар! Шайтандын айла-амалын жөн гана азгырыкка таштаган Аллахка мактоолор болсун!» - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
24. Шайтан силердин бириңерге келип: «Баланчаны ким жаратты? Муну ким жаратты?» - деген ойлорду салат. Акырында: «Раббиңди ким жаратты?» - деген азгырык суроо салат. Эгерде кимдир бирөөгө мындай азгырык ойлор келсе, анда ал Аллахтан коргоо сурасын жана андай ойлонуусун токтосун - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
25. Алты иш-аракет, төрт түрдүү адам жана эки сөзсүз боло турган иш бар. Ал эми ар бир жакшылык он эседен жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Сөзсүз түрдө боло турган эки иш - ал кимде-ким Аллахка ширк кылбай өлсө, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким ширк кылып жүрүп өлсө, анда ал тозокко кирет. Бир амалга өзүндөй болгон сооп ал - эгерде-ким бир жакшы ишке ниет кылып ал ишти жүрөгү менен аткарууга аракет кылып кылса, (бирок аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо деле) Аллах анын жүрөгүн билип ага бир сооп жазат. А эгерде ким бир жаман иш кылса, анда ага бир күнөө жазылат. Ал эми бир жакшылык ишин кылса, анда ага он эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Кимде-ким Аллах жолунда мал-акчасын сарптаса, анда ага жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ал эми адамдар: Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы кеңири берилип акыретте куру жалак калат. Бирөөсү, бул дүйнөдө ырыскысы тарып акыретте кенен ырыскыга жетет. Бирөөсү, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы тар болот. Акыркысы, бул дүйнөдө жана акыретте да ырыскысы кенен болот
عربي Алглисче Урдуча
26. Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт
عربي Алглисче Урдуча
27. Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, айтыңызчы, мен Исламга чейинки доордо азат кылган, садака берген жана туугандык мамиле кылган иштерим үчүн соопторду аламбы?» - деп айттым. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Сендеги болгон жакшылык иштериң менен бирге Исламды кабыл алгансың» - деп айтты. @
عربي Алглисче Урдуча
28. Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт
عربي Алглисче Урдуча
29. Мунафыктын мисалы эки үйүрдүн арасында турган кой сыяктуу. Кээде бирисине барат, кээде экинчисине барат
عربي Алглисче Урдуча
30. Чындыгында, кийим эскирген сыяктуу эле силердин жүрөгүңөрдөгү ыйманыңар да эскирет. Андыктан Аллахтан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңыртуусун сурангыла
عربي Алглисче Урдуча
31. Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет
عربي Алглисче Урдуча
32. Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт
عربي Алглисче Урдуча
33. Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат
عربي Алглисче Урдуча
34. Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат
عربي Алглисче Урдуча
35. Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат
عربي Алглисче Урдуча
36. Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт
عربي Алглисче Урдуча
37. Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт
عربي Алглисче Урдуча
38. Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
39. Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат
عربي Алглисче Урдуча
40. Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».*@
عربي Алглисче Урдуча
41. Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду. - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
42. Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык
عربي Алглисче Урдуча
43. Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн - 4 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
44. Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты
عربي Алглисче Урдуча
45. Эгерде Аллах бир пендени бир жерде өлүүнү тагдыр кылса, анда ага ошол жерде бир муктаждыгын жаратат
عربي Алглисче Урдуча
46. Ким менин атымдан атайын жалган сүйлөсө - өзүнө тозоктон орун камдай берсин - 8 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
47. Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен мечитте отурганыбызда, бир киши төө минип келип, мечиттин жанына коюп, анан аны байлап бизге: «Силердин кимиңер Мухаммад?» - деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, алардын артында жөлөнүп жаткан эле, биз: «Бул — чалкасынан жаткан ак адам» - дедик. Ал киши ага: «Оо, Ибн Абдулмутталиб!» - деп кайрылды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага жооп берейин» - деди. Ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мен сенден суроо сураймын жана бул суроодо катаалмын. Андыктан өзүңө катуу албайсыңбы?» – деди. Пайгамбар: «Каалаган нерсеңи сура» - деди. Ал айтты: «Сенин Раббиң жана сенден мурункулардын Раббисине ант болсун! Аллах сени бардык адамдарга жибердиби?». Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен касам ичип айтам, күндүзү жана түнү Аллах сага беш убак намаз окууну буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах бизге жылдын ушул айында орозо кармоону буйрудубу?» Пайгамбар: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал айтты: «Аллахтын аты менен ант ичип айтам, Аллах сага бул садаканы байларыбыздан алып, кедейлерибизге бөлүштүрүүнү буйрудубу?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Оо, Аллахым, ооба» - деп айтты. Ал киши: «Мен сен алып келген нерсеңе ишендим жана мен өзүмдүн элиме элчи болоюн. Мен Димам бин Салаба, Бани Саад бин Бакр уруусунанмын» - деп айтты.@
عربي Алглисче Урдуча
48. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!
عربي Алглисче Урдуча
49. «Китеп ээлери Тауратты иврит тилинде окуп, аны араб тилинде Ислам элине түшүндүрүп беришчү. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Китеп ээлерине ишенбегиле жана аларды жалганга чыгарбагыла. «Биз Аллахка жана бизге түшүрүлгөнгө ишенебиз» - деп айткыла». (Бакара, 136).*@
عربي Алглисче Урдуча
50. Илимди аалымдарга мактануу үчүн жана наадандар менен талашуу үчүн ошондой эле жыйындарда өзүн көрсөтүү үчүн албагыла. Эгерде кимдир бирөө мындай кылса, анда ага тозок болсун жана тозок болсун - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
51. Аллах Таала түз жолго мисал келтирди. Ал түз жолдун эки тарабында ачык эшиктери менен дубалдар бар. Ал эми эшиктерге түшүрүлгөн пардалар бар. Түз жолдун эшигинин башында: «Эй адамдар, бардыгыңар бул жолго түшкүлө, оңго-солго кетпегиле», - деп айтып турган жарчы бар. Кимде-ким ал эшиктерди ачууну кааласа, түз жолдун үстүндө: «Шоруң кургур! Бул эшикти ачпа. Эгерде ача турган болсоң, анда ага кирип кетесиң» - деп турган дагы бир жарчы бар. Түз жол - бул Ислам дини. Эки дубал - бул Аллахтын койгон чектери. Ал эми ачык эшиктер - алар Аллахтын арам кылган иштери. Түз жолдун баш жагында турган жарчы - бул Аллахтын Китеби. Ал эми түз жолдун үстүндө турган жарчы - бул ар бир мусулмандын жүрөгүндөгү Аллахтын эскертүүсү
عربي Алглисче Урдуча
52. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, кырк жашында вахий түшкөн. Меккеде он үч жыл болду, андан соң хижрат кылууга буюрулду. Мындан улам Мадинага хижрат кылды, ошондо ал жерде он жыл болду. Андан соң Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн кайтты - 4 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
53. Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, «Бисмиллахир Рохманир Рохиим (Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын)» деген аяты түшүрүлмөйүнчө эки сүрөөнүн бөлүнүшүн билген эмес
عربي Алглисче Урдуча
54. Силердин бирөөңөр үй-бүлөсүнө кайтып келгенде, үч семиз төө менен кайткысы келеби?» Биз: «Ооба» - деп жооп бердик. Ал айтты: «Силердин бириңер намазда окуган үч аят ал үчүн үч семиз төөдөн жакшы
عربي Алглисче Урдуча
55. Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот - 4 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
56. Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот
عربي Алглисче Урдуча
57. Бизге Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алейхи уа саллам, сахабалары айтышкан. Алар Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, он аят үйрөнүшчү жана аларда кандай илим жана амал бар экенин билмейинче, калган он аяттан алышчу эмес. «Биз ушинтип аяттардагы илимди жана амалдарды да үйрөнөт элек» - деп айтышат эле.*@
عربي Алглисче Урдуча
58. «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?». Мен: «Аллах жана Анын Элчиси билет» - деп айттым. Ал кайрадан: «Эй, Абуль-Мунзир! Аллахтын Китебинде эң улуу аят кайсы экенин билесиңби?» - деп айтты. Мен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал түбөлүк Тирүү Башкаруучу» (Бакара, 255) - деп айттым. Ал менин көкүрөгүмө чаап: «Эй, Абуль-Мунзир. Аллахка ант болсун! Бул илим сага куттуу болсун!» - деди.@* - 10 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
59. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар күнү түнү уктаганда эки колун бириктирип, анан аларга үйлөп: «Айткын! Ал Аллах жалгыз» деп башталган Ихлас сүрөөсүн, «Айткын! Таңдын Раббиси менен коргоном» деп башталган Фалак сүрөөсүн жана «Айткын! Адамдардын Раббиси менен коргоном» деп башталган Наас сүрөөсүн окучу. Анан колдору менен башына, жүзүнө жана денесинин алдынан баштап колу жеткен жерге чейин сүртөт эле. Ал муну үч жолу кылчу
عربي Алглисче Урдуча
60. Жөөттөр - алар каарга калган, христиандар болсо - адашкан
عربي Алглисче Урдуча
61. «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бул аятты окуду: «Ал сага (теңдешсиз) Китеп түшүргөн Зат. Анын ичинен Китептин энеси (маңызы) болгон мухкам-анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал муташабих аяттын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. Ошондуктан терең илимдүү адамдар: «Биз Куранга ыйман келтиргенбиз. Анын аяттарынын бардыгы Раббибибизден келген» - дешет. Акылдуу адамдар гана андан эскертме алышат». (Аали Имран, 7) Андан соң Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эгерде андагы түшүнүүгө оор болгон аяттарды өзүнүн максатына ылайыктап түшүнгөн адамдарды көрсөң, анда алар Аллах бул аятта айткан адамдар. Алардан сак бол» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
62. Кайсы бир киши күнөө кылып, кийин туруп тазаланып (даарат алып), анан намаз окуса, анан Аллахтан (күнөөсүнө) кечирим тилесе, Аллах аны кечирет
عربي Алглисче Урдуча
63. «Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
64. Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, бир адам: «Оо, Аллахтын Элчиси, каапыр адам Кыямат күнү тирилгенде жүзү менен кантип тургузулат? - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Аны бул дүйнөдө эки буту менен бастырган Зат Кыяматта аны бети менен бастырууга Кудуреттүү эмеспи?!». Катада бул хадисти айтып ушул жеринде: «Раббимдин улуулугуна ант болсун! Албетте Ал Кудуреттүү» - деп айтты».*@
عربي Алглисче Урдуча
65. «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)*@
عربي Алглисче Урдуча
66. Көп киши өлтүргөн, көп зына кылган кээ бир мушриктер Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, келишип: "Чындыгында, сенин айтканың жана чакырганың жакшы. Бизге кабар берчи. Биз аткарып койгон нерселердин каффараты барбы?" - дешти. Ошондо бул аяттар түштү. Аллах таала айтты: "Алар Аллахтан башка кудайларга дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына кылышпайт.(Фуркан сүрөөсү, 68-аят). Аллах таала айтты: "(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме) айт: "Оо, Менин, өздөрүнө ысырап кылып (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!". (Аз-Зумар сүрөөсү, 53).@*
عربي Алглисче Урдуча
67. "Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Сабит бин Кайсты жоктоп, ал жөнүндө сураганда, бир киши: "Оо, Аллахтын Элчиси! Мен сизге анын кабарын билип беремин" - деди. Ошентип ал Сабит бин Кайс үйүндө башын ылдый кылып капаланып олтурганын көрүп: "Абалың кандай?" - деп сурады. Сабит ага: "Жаман нерсе болду" - деп айтты. Анткени Сабит үнүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, үнүнөн өйдө көтөрүп сүйлөп койгон эле. Ошондуктан ал өзүн тозок ээлеринен дейт эле. Ошондо ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайтып келип, Сабит бин Кайстын абалын айтып берди. Анан ал киши Сабит бин Кайска кийинки жолу чоң кабар менен кайтып барды. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал кишиге: "Ага барып айткын: Сен тозок ээлеринен эмессиң, тескерисинче, бейиш ээлериненсин» - деди".@
عربي Алглисче Урдуча
68. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Меккени фатх кылган күнү элге кайрылып мындай деди: «Эй адамдар! Чындыгында, Аллах силерден Исламга чейинки доордун текебердигин жана ата-бабалары менен сыймыктанууларын алып салды. Эй адамдар, Аллах силерден жахилияттын жүгүн жана анын ата-бабаларына болгон текебердигин алып салды. Адамдар эки түрдүү болот: салих, такыба жана Аллахтын алдында урматтуу жана бузуку, бактысыз, Аллахтын алдында эң төмөн. Бардык адамдар Адам атанын балдары. Аллах Таала Адам атаны топурактан жараткан. Аллах Таала айтты: "Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жараттык жана бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар - эң такыбаңар. Чындыгында, Аллах Билүүчү, Кабардар!". (Аль-Хужурат сүрөөсү, 13-аят)@* - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
69. Бул аят: "Андан соң, ошол күнү нээмат-жакшылык жөнүндө албетте сураласыңар!" - деп түшкөндө Зубайр: "Оо, Аллахтын Элчиси, биз кандай нээмат-жакшылык жөнүндө суралабыз? Тагыраагы алар эки кара курма жана суубу?" - деп айтат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: "Келечекте боло турган нерседен" - деп айтты". @*
عربي Алглисче Урдуча
70. Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
71. Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, укканымдын бардыгын жаттагым келип жаза берчүмүн. Ошондо Курайштыктар мени тыйып: "Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдан, эшиткениңдин баарын жаза бересиңби? Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, да пенде, кээде ачууланып, кээде ыраазы болуп сүйлөйт го" - дешти. Ошондо мен жазууну токтоттум да аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, айттым. Ал сөөмөйү менен оозун көрсөтүп: "Жаз, анткени менин жаным колунда болгон Затка ант болсун! Мындан акыйкаттан башка эч нерсе чыкпайт" - деди. @ - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
72. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот." - деди
عربي Алглисче Урдуча
73. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир жолудан, бир жолудан жууп даарат алды
عربي Алглисче Урдуча
74. Чындыгында. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды
عربي Алглисче Урдуча
75. Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын
عربي Алглисче Урдуча
76. Ар бир мусулман жети күндө бир жуунууга милдеттүү, ошол күндөрдө башын жана денесин жууйт
عربي Алглисче Урдуча
77. Мен мусулман болууну каалап, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келдим, ал мага суу жана сидр (лотос) жалбырактары менен жуунууну буйруду
عربي Алглисче Урдуча
78. Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот - 6 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
79. Чындыгында, Усман бин Аффан мечитти кургусу келгенде адамдар муну жактырбай, аны ошол бойдон калтырып койгонун жакшы көрүштү. Ошондо Усман бин Аффан айтты: "Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум: "Ким Аллах үчүн мечит курса, Аллах ал үчүн бейиште ошол мечиттей курат".*@
عربي Алглисче Урдуча
80. Менин бул мечитимде окулган намаз, Харам мечитинен башка бардык мечиттерде окулган миң намаздан жакшыраак
عربي Алглисче Урдуча
81. Силердин бирөөңөр мечитке киргенде отурар алдында эки рекет намаз окусун
عربي Алглисче Урдуча
82. Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирсе, анда ал: "Аллахум-мафтах ли абывааба рахматик. (Оо, Аллах! Мага ырайымыңдын эшиктерин ач)" - деп айтсын. Ал эми мечиттен чыкканда: "Аллахумма инни ас алука мин фадлик. (Оо, Аллах! Мен Сенин жакшылыгыңдан сураймын)" - деп айтсын
عربي Алглисче Урдуча
83. Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр
عربي Алглисче Урдуча
84. Адамдар Сахл бин Саад Ас-Саадиге келип, минбардын жанынан өтүшүп жана андан минбардын жыгачы эмнеден экенин сурашканда ал мындай деди: "Аллахка ант болсун! Анын эмнеден экенин билбейм. Аны биринчи орнотулган күнү көрдүм жана биринчи күнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, анын үстүнө отурганын көрдүм. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Сахл деп атаган баланча ансар аялга мындай деп жөнөтөт: "Уста балаңа айт, мага минбар жасап берсин, мен адамдарга сүйлөгөндө ага отурайын. Ошондо ал аял кызматчысына буйруду. Ал кызматчысы аны токойдогу тамариск дарагынан жасады да аны аялга алып келди. Андан кийин ал аял аны Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, жөнөтөт. Ошондо Аллахтын Элчиси аны бул жерге коюуну буйруду. Андан соң мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, анын үстүндө намаз окуганын жана анын үстүндө турганда «Аллаху акбар» деп такбир айтканын, андан кийин анын үстүндө турганда рүкү кылганын, андан соң жүзүн артка бурбай ылдый түшүп, минбардын жанында сажда кылып, кайра кайтып чыкканын көрдүм. Намазды окуп бүткөн соң элге кайрылып: "Эй адамдар, мен муну силер менин намазымды ээрчип, үйрөнсөңөр деп кылдым" - деп айтты".@
عربي Алглисче Урдуча
85. Намаз окуганыңарда катарыңарды түздөп тургула, анан силердин бириңер намазда имам болсун. Ал имам: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтса, анда силер да "Аллаху Акбар" деп такбир айткыла. Эгерде имам: «Гайрил магдууби алайхим уалад-дооооллиин" - деп айтса, анда силер: "Аамиин" - деп айтсаңар, Аллах Таала силерди жакшы көрөт. [Фатиха: 7] Эгерде имим такбир айтып рүкү кылса, анда силер да такбир айтып рүкү кылгыла. Анткени имам силерден алдын рүкү кылып, силерден алдын рукүдөн тик турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Эгерде имам: "Самиаллааху лиман хамидах" - десе, анда силер: "Аллахумма Раббана лакал хамду" - десеңер, Аллах силерди угуп турат. Анткени Аллах Таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, тили менен: "Самиьаллааху лиман хамидах, Аллах мактоо шүгүр айткандарды угат" - деген. Эгерде имам такбир айтып сажда кылса, анда силер да такбир айтып сажда кылгыла. Анткени имам силерден алдын сажда кылып, кайрадан саждадан турат. Ошондуктан Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: "Тиги тигини ээрчийт" - деп айткан. Имам каадага отурганда силердин биринчи айткан сөзүңөр: "Аттахиятут-тоййибаатус-салаваату Лиллахи. Ассаламу алайка аййухан набиййу уа рахматуллахи уа баракатух. Ассалааму алайна уа алаа ибаадиллахис-саалихиин. Ашхаду аллаа илааха иллаллааху уа ашхаду анна Мухаммадан абдуху уа расуулух" - сөзү болсун
عربي Алглисче Урдуча
86. "Чындыгында, Абу Хурайра, радыяллаху анху, ар бир парз намазда жана башка убакта, Рамазанда жана башка убакта рүкү кылып жатканда: "Аллаху Акбар" - деп такбир айтып, рүкүдөн турганда: “Самиьаллаху лиман хамидах” - деп айтып, андан кийин саждага барардан мурда "Раббанаа лакал хамду" деп айтчу. Андан кийин саждага жыгылганда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин кайра сажда кылып жатканда "Аллаху акбар" деп такбир айтып, андан кийин саждадан башын көтөргөндө "Аллаху акбар" деп такбир айтчу. Андан кийин эки сажданын ортосуна отурганы турганда “Аллаху акбар” деп такбир айтчу. Ал намазды бүтүргөнгө чейин ар бир рекетте ушундай кылган". Намазын окуп бүткөндөн кийин: "Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам! Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазына эң жакын окшоштурдум. Чындыгында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөнү таштап кеткенге чейинки намазы ушул болгон" - деп айткан". @
عربي Алглисче Урдуча
87. Адамдардын эң жаманы – өзүнүн намазынан уурдаган адам" - деди. Абу Хурайра айтты: "Намазын кантип уурдай алат?". Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Намазынын рүкүсүн да, саждасын да толук кылбайт
عربي Алглисче Урдуча
88. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, рүкүдөн далысын көтөргөндө: "Самиьаллааху лиман хамидах. Аллахумма Раббанаа лакал хамд, мил ассамааваати, уа мил ал арди, уа мил а маа ши та мин шай ин баьд" - деп айтчу - 2 ملاحظة
عربي Алглисче Урдуча
89. Чындыгында, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир парз намаздын аягында мындай деп айтчу: “Лаа илааха иллаллаху, уахдаху лаа шариика лаху, лахул мулку, уа лахул хамду, уа хува алаа кулли шай ин Кадиир. Аллахумма лаа мааниьа лимаа аьтойта уа лаа муутиьа лимаа манаьта, уа лаа йанфаьу зал жадди минкал жадду
عربي Алглисче Урдуча
90. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу
عربي Алглисче Урдуча
91. Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*
عربي Алглисче Урдуча