عن المِقدام بن معدي كرب رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«إِذَا أَحَبَّ الرَّجُلُ أَخَاهُ فَلْيُخْبِرْهُ أَنَّهُ يُحِبُّهُ».
[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي والنسائي في السنن الكبرى وأحمد] - [سنن أبي داود: 5124]
المزيــد ...
Аль-Микдам бин Маьди Кариба, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Эгерде ким мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда ага аны жакшы көрөрүн кабарласын».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ас-Сунан ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 5124]
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, момундардын ортосундагы мамилени чыңдоочу жана алардын ортосундагы сүйүүнүн жайылышынын себептеринин бири бул - кимдир-бирөө мусулман бир тууганын жакшы көрсө, анда аны жакшы көрөөрүн кабар бериш керек экендигин баяндап жатат.