+ -

عن ابْنِ عُمَرَ رضي الله عنهما أنه سَمِعَ رَجُلًا يَقُولُ: لَا وَالْكَعْبَةِ، فَقَالَ ابْنُ عُمَرَ: لَا يُحْلَفُ بِغَيْرِ اللَّهِ، فَإِنِّي سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«مَنْ حَلَفَ بِغَيْرِ اللهِ فَقَدْ كَفَرَ أَوْ أَشْرَكَ».

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 1535]
المزيــد ...

Ибн Умар, радыяллаху анхума, бир кишинин мындай деп айтып жатканын угуп калат. Ал киши: «Жок, Каабага ант болсун!» - дейт. Ошондо Ибн Умар мындай деп айтат: «Аллахтан башкага ант ичилбейт. Чындыгында, мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын укканмын:
«Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 1535]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтан жана анын ысым-сыпаттарынан башкага ант ичкен адам Аллахка каапырлык кылганын же ширк кылганын кабар берип жатат. Себеби ант ичүү ант ичкен нерсени улуктоону талап кылат. Чындыгында, бардык улуулук Жалгыз Аллахка гана таандык. Ошондуктан бир гана Аллахка же анын ысым-сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот. Аллахтан башкага ант ичүү кичине ширк (2) болот. Эгерде ант ичкен адам ант ичкен нерсесин Аллахты улуктагандай же андан ашырып улуктаса, анда ал учурда чоң ширк болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Улуктап ант ичүү Аллах Тааланын акысы болгондуктан, Аллах жана анын ысым-сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот.
  2. Сахабалар жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтарууга өтө дилгир болушкан, өзгөчө ал каапырлыкка же ширкке байланыштуу жаман иштер болсо.
Дагы...