+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«كُلُّ أُمَّتِي يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ إِلَّا مَنْ أَبَى»، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللهِ، وَمَنْ يَأْبَى؟ قَالَ: «مَنْ أَطَاعَنِي دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ عَصَانِي فَقَدْ أَبَى».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 7280]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Менин үммөтүмдөн баш тарткандардан башкасынын баары бейишке кирет. Ошондо: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким баш тартат?» - деп айтышат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким мага моюн сунса, Бейишке кирет. Ким мага моюн сунбаса, анда баш тарткан болот» - деп айтты».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 7280]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнүн тыйылгандардан башкасынын баары бейишке кире турганын кабарлап жатат.
Сахабалар: «Ким бейишке кирүүдөн тыйылат, эй Аллахтын Элчиси?» - деп сурашат.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аларга мындай деп жооп берди: Ким Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, моюн сунса, ээрчисе жана ага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми кимде-ким шариятка моюн сунбаса жана баш ийбесе, анда жаман иш-аракеттери себебинен бейишке кирүүсүнө тыюу салынат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, моюн сунуу – Аллахка моюн сунуу. Ал эми ага баш ийбөө – Аллахка баш ийбөө болуп саналат.
  2. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, баш ийүү бейишке алып барат. Ал эми ага баш ийбөө тозокко алып барат.
  3. Бул үммөттүн моюн сунуучулары үчүн сүйүнчү. Аллахка жана Анын элчисине баш ийбегендерден башкасынын баары бейишке киришет.
  4. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнө боорукер болгон жана аларга туура жолду көрсөтүүгө катуу умтулган.
Дагы...