+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«حُجِبَتِ النَّارُ بِالشَّهَوَاتِ، وَحُجِبَتِ الْجَنَّةُ بِالْمَكَارِهِ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 6487]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты.
«Тозок напсинин кумарлары менен курчалган. Ал эми бейиш кыйынчылыктар менен курчалган».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 6487]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, тозок напсиге жага турган арам иштер менен же аткарылбай калган парз амалдардын күнөөлөрү менен курчалып, сакталып тураарын баяндап жатат. Ким напсиси каалаганын ээрчисе, тозокко кирүүгө татыктуу болот. Ал эми бейиш Аллахтын буйруктарын ар дайым аткаруу, күнөөлөрдү таштоо жана ага сабыр кылуу сыяктуу напси жактырбаган нерселер менен курчалган. Эгер напсинин каалоосу менен күрөшүп, ага каршы бекем турса, анда бейишке кирүүгө татыктуу болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Напсинин кумарына туткун болуунун себептеринин бири – шайтандын күнөө иштерди жана жийиркеничтүү иштерди, напси аларды жакшы көрүп ага карай ыкталып калганга чейин кооздоп көрсөтүүсү.
  2. Напсинин арам кумарларынан алыс болууга буйруду. Анткени ал тозоктун жолу. Жана кыйынчылыктарга сабыр кылууга буйруду. Анткени ал бейиштин жолу жол.
  3. Напси менен күрөшүүнүн жана ибадаттагы тырышчаактыктын пазилери.
  4. Ибадаттарды курчап алган кыйынчылыктарга жана машакаттарга сабыр кылуунун пазилети.
Дагы...