+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيَقُلْ خَيْرًا أَوْ لِيَصْمُتْ، وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيُكْرِمْ جَارَهُ، وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيُكْرِمْ ضَيْفَهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 47]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 47]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахка жана кайтып бара турган жана аткарган иш-аракеттерине жараша сыйлык ала турган акырет күнүнө ыйман келтирген пендени ыйманы төмөнкү сыпаттарды аткарууга үндөй турганын баяндады. Алар:
Биринчиси: Аллахка тасбих жана тахлил айтуудан турган жакшы сөз, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, араздашкан адамдарды жараштыруу. Эгерде андай кыла албаса, анда унчукпай, ага жамандык кылууну токтотуп, тилин сакташы керек
Экинчиси: кошунаны урматтоо, ага жакшылык кылуу жана ага зыян келтирбөө.
Үчүнчүсү: Зыяратка келген конокту сыйлоо, ага жакшы сөз айтуу жана ага тамак берүү ж.б.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирүү бардык жакшылыктардын негизи жана ал жакшылык кылуу үчүн жиберилген.
  2. Тилдин бузулуусунан сактануу.
  3. Ислам дини карым-катыштыктын жана берешендиктин дини.
  4. Бул сыпаттар ыймандын бутактарынан жана мактоого татыктуу адептерден.
  5. Ашыкча сүйлөө макрух же арам нерсеге алып келиши мүмкүн. Ал эми саламат болуу - бул жакшыдан башканы сүйлөбөөдө.
Дагы...