+ -

عن أبي سعيد الخدري رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ، مَنْ ضَارَّ ضَرَّهُ اللَّهُ، وَمَنْ شَاقَّ شَقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ».

[صحيح بشواهده] - [رواه الدارقطني] - [سنن الدارقطني: 3079]
المزيــد ...

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».

[Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис)] - [Ад-Даракутни жазып калтырган] - [Сунан ад-Даракутни - 3079]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес.
Зыян менен зыяндын ордун толтуруу туура эмес. Анткени зыянды зыян менен кетирүү болбойт. Бирок зыянды чектен чыкпаган касас (1) менен жоюуга болот.
Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарга зыян келтиргендерге зыяндын азабы болоорун, адамдарга катаал болгондор үчүн кыйынчылыктын азабы болорун баяндады.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жазага тартылгандарды чегинен ашыра жазалоого тыюу салынат.
  2. Аллах пенделерине зыяндуу нерселерди кылууга буйруган эмес.
  3. Сөз менен же кыймыл аракет менен же мамиле кылбай таштап коюу менен зыян тартууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
  4. Иш-аракеттин түрүнө жараша жаза болот. Ошондуктан ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян берет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».
  5. Шарият эрежелеринин бири: “Зыян жок кылынат”. Ошондуктан шарият зыян тартууга жол бербейт жана зыян келтирүүнү четке кагат.