عن عائشة رضي الله عنها قالت: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«السِّوَاكُ مَطْهَرَةٌ لِلْفَمِ، مَرْضَاةٌ لِلرَّبِّ».
[صحيح] - [رواه النسائي وأحمد] - [مسند أحمد: 24203]
المزيــد ...
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган] - [Муснад Ахмад - 24203]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул хадисте аль-Арак дарагынын таякчасы, б.а. мисвак менен тишти тазалоону жана ал мисвак ооздон жагымсыз жыттарды кетире турганын бизге кабарлап жатат. Мисвак колдонуу Аллахтын пендесинен ыраазы болушунун себептеринин бири. Анткени пенде мисвакты Аллахка моюн сунганы үчүн жана Анын буйругуна жооп бергени үчүн колдонуп жатат. Жана аны колдонууда Аллах Таала сүйгөн тазалык бар.