+ -

عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما قال:
سَمِعَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ رَجُلًا يَعِظُ أَخَاهُ فِي الْحَيَاءِ، فَقَالَ: «الْحَيَاءُ مِنَ الْإِيمَانِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 36]
المزيــد ...

Абдулла бин Умар, радыяллаху анхума, айтты:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир кишинин бир тууганына уяттуулугу үчүн жемелеп жатканын угуп: «Уяттуулук ыймандан» - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 36]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир кишинин бир тууганына ашыкча уялчаактыгын таштоосун насаат кылганын укту. Андан кийин, ага уяттуулук ыймандын бир бөлүгү экенин жана ал жакшылык гана алып келерин түшүндүрдү.
Уяттуулук – бул жакшы иш-аракеттерди аткарууга жана жаман иш-аракеттерди таштоого түрткү болгон адеп.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жакшылыктан тоскон нерсе уяттуулук эмес. Тескерисинче, ал тартынуу, алсыздык, текебердик жана коркоктук деп аталат.
  2. Аллах Тааладан уялуу - бул Анын буюруганын аткаруу жана Ал тыйган нерселерди таштоо менен болот.
  3. Адамдардан уялуу – бул аларды урматтоо, аларды коомчулуктагы ордуна коюу жана адаттагы жийиркеничтүү нерселерден алыс болуу менен болот.
Дагы...