عن أبي هريرة رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيَقُلْ خَيْرًا أَوْ لِيَصْمُتْ، وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيُكْرِمْ جَارَهُ، وَمَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيُكْرِمْ ضَيْفَهُ».  
                        
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 47]
                        
 المزيــد ... 
                    
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда жакшылыкты сүйлөсүн же унчукпасын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасын сыйласын. Кимде-ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, анда коногун сыйласын». 
                                                     
                                                                                                    
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 47]                                            
                        Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахка жана кайтып бара турган жана аткарган иш-аракеттерине жараша сыйлык ала турган акырет күнүнө ыйман келтирген пендени ыйманы төмөнкү сыпаттарды аткарууга үндөй турганын баяндады. Алар:
Биринчиси: Аллахка тасбих жана тахлил айтуудан турган жакшы сөз, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, араздашкан адамдарды жараштыруу. Эгерде андай кыла албаса, анда унчукпай, ага жамандык кылууну токтотуп, тилин сакташы керек
Экинчиси: кошунаны урматтоо, ага жакшылык кылуу жана ага зыян келтирбөө.
Үчүнчүсү: Зыяратка келген конокту сыйлоо, ага жакшы сөз айтуу жана ага тамак берүү ж.б.