+ -

عن أبي بَكرة رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«إِذَا الْتَقَى الْمُسْلِمَانِ بِسَيْفَيْهِمَا فَالْقَاتِلُ وَالْمَقْتُولُ فِي النَّارِ»، فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ هَذَا الْقَاتِلُ، فَمَا بَالُ الْمَقْتُولِ؟ قَالَ: «إِنَّهُ كَانَ حَرِيصًا عَلَى قَتْلِ صَاحِبِهِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 31]
المزيــد ...

Абу Бакра, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Эки мусулман бири-бири менен кылычташып урушканда, өлтүргөн да жана өлгөн да тозоко түшөт. Ошондо мен: «Аллахтын Элчиси, бул киши өлтүргөн адам, а бирок өлтүрүлгөн адамда эмне күнөө?» - деп айттым. Аллахтын Элчиси: «Ал да шеригин өлтүргүсү келген» - деди».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 31]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эгерде эки мусулман бири-бирин жок кылууну көздөп кылычташып урушса, анда өлтүргөн киши экинчисин түздөн-түз өлтүргөндүктөн тозоко түшөөрүн кабарлады. Өлтүрүлгөн адам туурасында сахабалар: «Ал тозокко кандай түшөт?» - деп сурашканда, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ал да шеригин өлтүргүсү келгени үчүн кылычын көтөрүп чыкканын айтты. Андыктан ал да тозоко түшөөрүн, аны өлтүрүүдөн башка эч кандай максаты болбогондугун жана аны шериги өлтүрүп койгондугун кабар берди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Адам ниетинде күнөө кылууну чечип, күнөөнүн себептерин аткарса, анда ал жазага татыктуу болот.
  2. Мусулмандар менен согушууга жана алар менен согушкандардын тозокко түшөөрүн катуу эскертти.
  3. Мусулмандардын ортосунда акыйкат үчүн согушууда, мисалыга: падышага каршы чыккандар менен жана бузукулар менен согушууда эскертилген азапка дуушар болбойт.
  4. Чоң күнөө кылган адам капыр болбойт. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, согушкан эки адамды мусулмандар деп атады.
  5. Эгер эки мусулман киши өлтүрүүгө мүмкүн болгон кандайдыр бир куралдар менен жолугушуп, бири экинчисин өлтүрсө, анда өлтүргөн адам да жана өлгөн адам да тозокко түшөт. Бул хадисте кылыч мисал катары айтылган.
Дагы...