1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин

عن أبي مالكٍ الأشعريِّ رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«الطُّهُورُ شَطْرُ الْإِيمَانِ، وَالْحَمْدُ لِلهِ تَمْلَأُ الْمِيزَانَ، وَسُبْحَانَ اللهِ وَالْحَمْدُ لِلهِ تَمْلَآنِ -أَوْ تَمْلَأُ- مَا بَيْنَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ، وَالصَّلَاةُ نُورٌ، وَالصَّدَقَةُ بُرْهَانٌ، وَالصَّبْرُ ضِيَاءٌ، وَالْقُرْآنُ حُجَّةٌ لَكَ أَوْ عَلَيْكَ، كُلُّ النَّاسِ يَغْدُو، فَبَايِعٌ نَفْسَهُ فَمُعْتِقُهَا أَوْ مُوبِقُهَا».

Абу Маалик Аль-Ашарийден (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Тазалык – ыймандын жарымы. Алхамдулиллахи сөзү амал таразаны толтурат. Субхааналлах жана Алхамдулиллах сөздөрү болсо асмандар менен жердин ортосун толтурат. Намаз – нур, садака бул - далил, ал эми сабырдуулук болсо жарыктык. Куран болсо, сенин пайдаңа же сенин зыяныңа күбөө болот. Ар бир инсан күндө өз нафсисин Аллах үчүн же шайтан үчүн сатыкка коёт, анан аны куткарып алат же аны зыянга учуратат».

Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган Сахих Муслим - 223

Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт: Чындыгында тышкы тазалык даарат алуу жана жуунуу менен болот. Анткени бул намаздын шарты. Ал эми: «Алхамдулиллах» – сөзү Аллахты мактоо сөзү жана Аны толук болгон сыпаттар менен сыпаттоо сөзү. Ошондой эле бул сөз Кыямат күнү таразага тартылып, амал таразасын толтурат. Ал эми «Субханаллах» жана «Алхамдулиллах» сөздөрү - бул ар бир кемчиликтен аруулоо жана Аллахтын улуулугуна ылайыктуу келген толук болгон сыпаттар менен сыпаттаган сөздөр. Бул сөздөрдү айтууда Аллахка толук сүйүү жана улуктоо менен коштолот. Ошондой эле бул сөздөр жер менен асмандардын ортосун толтурат. «Намаз нур» деген сөзү пенденин жүрөгүндө, жүзүндө, кабырында жана кайра тирилүүдө ага нур болот. «Садака далил» деген сөзү момундун ыйманынын чынчылдыгына далил болот. Ошондой эле садаканын сыйлыктарына ишенбегендиги үчүн садаканы бербеген мунафык адам эмес экенине далил болот. “Сабырдуулук жарыктык” – бул деген тынчсызданууда жана нааразычылыкта өзүн кармай билүү. Сабырдуулуктун жарыктык сыяктуу болгонунун себеби күн нуру сыяктуу жылуулукту жана күйгүзүүнү алып келген жарык сыяктуу. Анткени, сабыр кылуу - бул нафсиге оор келет жана өзүн өзү көптөгөн аракет менен көндүрүүсү керек. Ошондой эле өзү каалаган нерсесинен өзүн кармоосу талап кылынат. Анын ээси дайыма жарык жана туура жолдо болот. Сабыр кылуу – Аллахка моюн сунууда, Ал арам кылган иштерден тыйылууда сабыр кылуу жана бул дүйнөдөгү балээлерге жана ар кандай кыйынчылыктарга сабыр кылуу түрлөрүнө бөлүнөт. «Куран болсо, сенин пайдаңа» - бул Куранды тилават кылуу менен жана ага амал кылуу менен болот. Же «сенин зыяныңа күбө болот» - бул Куранды тилават кылууну жана аны иш жүзүнө ашырууну таштап коюуда болот. Андан кийин, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге бардык адамдар чуркашып, тарашып, уйкудан туруп ар кандай иштери үчүн үйлөрүнөн чыгып кетээрин айтты. Алардын кээ бирлери Аллахка моюн сунууда туура жолду карманышып өз нафсилерин тозок отунан куткаргандар жана алардын арасында туура жолдон тайып, күнөө ишке барып, тозокко түшүп нафсисин кор кылгандар да бар.

Хадистин пайдалары

  1. Тазалык эки түрдүү болот: Сырткы тазалык - ал даарат алуу жана жуунуп гусул алуу менен болот. Ал эми ички тазалык – тавхид, ыймандуулук жана жакшы амалдар менен болот.
  2. Намазга бекем болуунун маанилүүлүгү айтылды. Анткени намаз пенде үчүн бул дүйнөдө жана Кыяматта нур болот.
  3. Садака берүү ыймандын чынчылдыгына далил болот.
  4. Курандын өкүмдөрүн жана тыйган тыюуларын иш жүзүндө аткаруунун маанилүүлүгү. Ал сенин зыяныңа эмес, сенин пайдаңа болушу үчүн ага бекем ыйман келтирүү маанилүүлүгү айтылды.
  5. Эгерде нафсиңди Аллахка баш ийүү менен алектендирбесең, анда ал сени күнөөлөр менен алектендирет.
  6. Ар бир адам иш-аракеттерди аткаруу керек. Ошондуктан нафсисин Аллахка моюн сунуу менен тозоктон куткарат же Аллахка баш ийбестик менен жок кылат.
  7. Сабыр кылуу көтөрө билүүнү жана анын сыйлыгын үмүттөнүүнү талап кылат жана аны аткарууда кыйынчылыктар жаралат.

Котормолорду көрсөтүү

68 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
BG Български البلغارية
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
EL Ελληνικά اليونانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
LN Lingala اللينجالا
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو