+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«لَا تَجْعَلُوا بُيُوتَكُمْ قُبُورًا، وَلَا تَجْعَلُوا قَبْرِي عِيدًا، وَصَلُّوا عَلَيَّ؛ فَإِنَّ صَلَاتَكُمْ تَبْلُغُنِي حَيْثُ كُنْتُمْ».

[حسن] - [رواه أبو داود] - [سنن أبي داود: 2042]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, рываят кылган хадисте Аллахтын элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, айтты:
«Үйүңөрдү мүрзөгө айлантып албагыла. Менин кабырымды кез-кезде ибадат кылуучу жай кылып албагыла. Мага салават айткыла. Чындыгында, силер кайсыл жерде болсоңорда силердин салаватыңар мага жетип турат».

[Хасан (жакшы)] - [Абу Дауд жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 2042]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үйлөрдө намаз окулбай калуудан тыйды. Үйлөрдө намаз окулбай калса, анда алар намаз окулбаган кабырлар сыяктуу болуп калат. Ошондой эле кабырын кайра-кайра зыярат кылуудан жана анын тегерегинде кез-кезде жыйналууну адат кылуудан тыйды. Анткени бул нерселер ширк кылууга жол ачат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жердин кайсыл бурчунан болбосун салават айтууга буйруду. Анткени айтылган салават алыстан же жакындан болсун, ага жетип турат. Салават айтуу үчүн Пайгамбардын кабырына баруунун зарылчылыгы жок.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Үйлөрдө Аллахка ибадат кылбай калуудан тыйды.
  2. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, кабырын зыярат кылуу үчүн сапар кылуу тыюу салынган. Анткени Пайгамбар салават айтууга буйруган жана кайсыл жерден салават айтылбасын, ага жетип турарын кабар берген. Чындыгында, пайгамбардын мечитин жана анда намаз окууну ниет кылгандыгы үчүн ал мечитке сапар кылынат.
  3. Пайгамбар, саллалаху алейхи уа салламдын, кабырын, ошондой эле башка кабырларды өзгөчөлөп, өзгөчө бир убакыттарда кез-кези менен аларды кайра-кайра зыярат кылуу тыюу салынган.
  4. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын алдында өтө чоң кадыр-баркка ээ болгондуктан ага бардык учурда, ар тараптан салават айтууга шариятта уруксат берилди.
  5. Сахабалардын учурунда мүрзөдө намаз окууга бекемделип тыюу салынган. Ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үйлөрдө намаз окулбастан мүрзө сыяктуу болуп калуудан кайтарган.