+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«لَيْسَ الشَّدِيدُ بِالصُّرَعَةِ، إِنَّمَا الشَّدِيدُ الَّذِي يَمْلِكُ نَفْسَهُ عِنْدَ الْغَضَبِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 6114]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Күрөшкөн күчтүү эмес. Ачууланганда өзүн кармай билген күчтүү».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 6114]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, чыныгы күч дененин күчү эмес же башка билеги күчтүүнү жеңген адам күчтүү эмес. Тескерисинче, ачууланганда өзүн кармап напсиге каршы күрөшүп, ачуусун баскан күчтүү экенин баяндап жатат. Анткени, анда өзүн башкара ала турган күч жана шайтанга үстөмдүк кыла ала турган күч бар экендигин көрсөтүп турат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ачууланганда сабырдуулуктун жана өзүн кармануунун пазилети жана бул Ислам үндөгөн жакшы иштердин бири экендиги айтылды.
  2. Ачууланганда напси менен күрөшүү - душманга каршы күрөшүүдөн күчтүү.
  3. Ислам наадандыктагы күчкө ээ болуунун түшүнүгүн жакшы адеп-ахлакка айлантты. Ошондуктан эң күчтүү адам – бул өз напсисин башкарган адам.
  4. Ачуулануудан баш тартуу. Анткени ал жеке адамдарга жана коомго зыян келтирүүгө себеп болот.
Дагы...