+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«إِنَّ اللهَ لَا يَنْظُرُ إِلَى صُوَرِكُمْ وَأَمْوَالِكُمْ، وَلَكِنْ يَنْظُرُ إِلَى قُلُوبِكُمْ وَأَعْمَالِكُمْ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2564]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана иш-аракетиңерге карайт».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2564]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах Тааланын пенделеринин келбеттерине, алардын денелерине, алар сулуубу же сулуу эмесби, бул чоңбу же кичинеби, же ден соолугу тазабы же оорулуубу? - деп карабай турганын баяндады. Жана Аллах алардын акчасынын аз же көп экендигине карабайт. Аллах Таала пенделерин бул иштерден жана алардагы айырмачылыктары үчүн аларды азаптабайт. Бирок Аллах алардын жүрөктөрүнө жана жүрөктөрүндөгү такыбалыкка, ишеничке, чынчылдыкка, ыкластуулукка, же жоро көрсүн жана эл уксун деген максатына карайт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жүрөктү оңдоого кам көрүү жана аны ар кандай жаман сыпаттардан тазалоо.
  2. Жүрөк ыкластуулук менен оңолот, ал эми иш-аракеттер Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, ээрчүү менен оңолот. Аллах Тааланын алдында ушул экөөсү эске алынат жана аларга көңүл бурулат.
  3. Адам акчасына, сулуулугуна, денесине жана бул дүйнөнүн көрүнүштөрүнө алданбашы керек.
  4. Ички дүйнөнү оңдобостон, сырткы көрүнүшкө таянып калуудан эскертүү.
Дагы...