+ -

عن أبي مسعود رضي الله عنه قال: قال النبي صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ قَرَأَ بِالْآيَتَيْنِ مِنْ آخِرِ سُورَةِ الْبَقَرَةِ فِي لَيْلَةٍ كَفَتَاهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5009]
المزيــد ...

Абу Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Ким түнү Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5009]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын түндө окуса, Аллах Таала аны жамандыктан сактаарын кабарлаган. Кээ бир аалымдар: Түнкү намаздын ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Башка зикирлердин ордуна жетиштүү болот деген. Кээ бирлери: Аз дегенде түндө туруп Куран окуунун ордуна жарайт деген. Мындан башка да пикирлер бар. Кантсе да бул пикирлердин баары бирдей эле туура мааниде.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятынынын артыкчылыгы баян кылынды. Бул аяттар Аллах Тааланын: "Аамана расул..." "Элчилер ыйман келтирди..." деп башталган аятынан баштап Бакара сүрөөнүн акырына чейин.
  2. Бакара сүрөөсүнүн акыркы аяттарын түндө окуса аны окуган адамдан жамандыкты, шайтанды айдайт.
  3. Түн күн баткандан башталып, күндүн чыгуусу менен бүтөт.
Дагы...