+ -

عن أبي موسى الأشعري رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«إِذَا مَرِضَ الْعَبْدُ أَوْ سَافَرَ كُتِبَ لَهُ مِثْلُ مَا كَانَ يَعْمَلُ مُقِيمًا صَحِيحًا».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 2996]
المزيــد ...

Абу Муса аль-Ашьари, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага денисак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 2996]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, хадисинде эгерде мусулман адам денисак жана сапарга чыкпаган кезинде жакшы иш-аракеттерди аткарып жүргөн болсо, оору же сапар ж.б. үзүр себептүү ал иш-аракеттерин аткара албай калса, анда ага сообу жазыла берээрин айтып, Аллахтын пазилеттүү жана мээримдүү экенин кабарлап жатат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын пенделерине болгон берешендиги.
  2. Денисак жана бош кезде убакытты туура пайдаланып ибадатты көп аткарууга чакыруу.
Дагы...