عَنْ أُمِّ سَلَمَةَ أُمِّ المُؤمنين رضي الله عنها: أَنَّ رَسُولَ اللهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ:
«سَتَكُونُ أُمَرَاءُ فَتَعْرِفُونَ وَتُنْكِرُونَ، فَمَنْ عَرَفَ بَرِئَ، وَمَنْ أَنْكَرَ سَلِمَ، وَلَكِنْ مَنْ رَضِيَ وَتَابَعَ» قَالُوا: أَفَلَا نُقَاتِلُهُمْ؟ قَالَ: «لَا، مَا صَلَّوْا».
المزيد
Ыймандуулардын энеси Умму Салама (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан:
"Келечекте силер алардын кээ бир ишине ыраазы болуп, кээ бир ишинен кайтара турган башчылар чыгат. Ким алардын жаман ишин (жүрөгү менен) жактырбаса, (күнөөдөн же эки жүздүүлүктөн) кутулат. Ким аларды (тили же колу менен) кайтарса, алар менен чогуу болуудан өзүн куткарат. Бирок (алар менен күнөө жана азапта бирге болот) ким аларга ыраазы болуп, ээрчисе ". "Аларга каршы чыгалыбы?" - дешти. "Жок, намаз окушса (аларга каршы чыкпагыла)" - деди.