+ -

عن جرير بن عبد الله رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ لَا يَرْحَمِ النَّاسَ لَا يَرْحَمْهُ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 2319]
المزيــد ...

Жарир бин Абдулла, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Ким адамдарга ырайым кылбаса, анда Аллах Таала ага ырайым кылбайт».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 2319]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарга ырайым кылбаган адамга Аллах Таала ырайым кылбай турганын баяндап жатат. Пенденин калайык калкка кылган ырайымы – Аллах Тааланын ырайымына ээ болуунун эң чоң себептеринин бири.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ырайымдуулук бардык макулуктар үчүн талап кылынат. Бирок ал макулуктарга адамдардын көңүл буруусу өзгөчө айтылды.
  2. Аллах Таала Ырайымдуу. Ырайымдуу пенделерин ырайымына алат. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык же жаза болот.
  3. Адамдарга ырайымдуулук кылуу - бул аларга жакшылык кылууну, алардан жамандыкты кайтарууну жана аларга жакшы мамиле кылууну камтыйт.
Дагы...