+ -

عَن عُمَرَ بنِ الخَطَّابِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قال: سَمِعْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«لَا تُطْرُونِي كَمَا أَطْرَتِ النَّصَارَى ابْنَ مَرْيَمَ؛ فَإِنَّمَا أَنَا عَبْدُهُ، فَقُولُوا: عَبْدُ اللهِ وَرَسُولُهُ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 3445]
المزيــد ...

Умар ибн Аль-Хаттаб, радыяллаху анху, айтты: Мен пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум:
«Мени христиандар Марямдын баласын чектен ашып улуктагандай улуктабагыла. Чындыгында, мен Анын (Аллахтын) кулумун. Силер мени: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 3445]

Түшүндүрмө

Христиандар Иса пайгамбарды Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөгөндөй, Пайгамбарыбыз өзүн шарияттын чегинен ашып мактоо жана Аллахка таандык сыпаттар менен сүрөттөп ага ибадат кылуудан кайтарып жатат. Жана Пайгамбар кайыпты билет деп же Христиандар Мариям уулу Иса пайгамбарга дуба кылышкандай Аллах менен кошо Пайгамбарга дуба кылуудан тыйып жатат. Андан соң Пайгамбар Аллахтын кулдарынын бири экендигин баяндап, аны: «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айтуубузду буйруду.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Шарият койгон чектен ашып мактоодон жана улуктоодон эскетти. Анткени бул ширк кылууга алып барат.
  2. Тилекке каршы Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эскерткен нерсе бул үммөттө да болуп жатат. Ошондуктан кээ бирөөлөр Аллахтын элчисини, кээ бирөөлөр ахлу байтти, (1) кээ бирөөлөр олуяларды чектен ашып улукташып ширк кылып жатышат.
  3. Раббинин өзгөчөлүктөрнөн болгон сыпаттарды пайгамбарга арноо туура эместигин жана пайгамбар да Аллахтын пендеси экендигин баяндоо үчүн Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүн Аллахтын кулу деп сыпаттады.
  4. Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллах тараптан жиберилген элчи экендигин жана аны ээрчип, аны тастыктоо важип экендигин баяндоо үчүн ал өзүн Аллахтын Элчиси деп сыпаттады.
Дагы...