1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис «Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».@

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه أَنَّهُ قَالَ:
قِيلَ: يَا رَسُولَ اللهِ، مَنْ أَسْعَدُ النَّاسِ بِشَفَاعَتِكَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ؟ قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَقَدْ ظَنَنْتُ يَا أَبَا هُرَيْرَةَ أَنْ لَا يَسْأَلَنِي عَنْ هَذَا الْحَدِيثِ أَحَدٌ أَوَّلُ مِنْكَ؛ لِمَا رَأَيْتُ مِنْ حِرْصِكَ عَلَى الْحَدِيثِ، أَسْعَدُ النَّاسِ بِشَفَاعَتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ، مَنْ قَالَ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ خَالِصًا مِنْ قَلْبِهِ أَوْ نَفْسِهِ»».

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
«Оо, Аллахтын элчиси! «Кыямат күнү сенин шапаатың менен эң бактылуу адам ким?» - деп сураганда, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Оо, Абу Хурайра! Сенин хадиске болгон кызыгууңду көргөнүмдө бул хадисти сенден алдын эч ким сурабайт деп ойлогонмун. Кыямат күнү менин шапаатым менен эң бактылуу болгон адам ал «Лаа илааха иллаллах» келимесин чын ыклас менен жүрөгүнөн же напсисинен айткан адам» - деп айтты».

Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган Сахих ал-Бухари - 99

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кыямат күнү анын шапааты менен эң бактылуу адам: «Лаа илааха иллаллах, б.а. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок» - деп эл көрсүн дебей жана ширк кылбастан, чын ыклас менен жүрөгүнөн айткан адам экендигин кабар берип жатат.

Хадистин пайдалары

  1. Акыретте Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шапаат берилээрин жана ал бир гана чыныгы муаххидтер (2) үчүн болоору тастыкталып жатат.
  2. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шапааты бул - тозокко кирүүгө татыктуу болгон момундардын тозокко кирбештиги үчүн, эгерде тозокко кирген болсо ал жактан чыгуусу үчүн Аллах менен алардын ортосуна түшкөн Пайгамбардын ортомчулугу.
  3. Калыс Аллах Таала үчүн айтылган таухид келимесинин пазилети жана анын чоң таасири.
  4. Таухид келимесин ишке ашыруу анын маанисин билүү жана анын талабына ылайык амал кылуу менен болот.
  5. Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) пазилети жана илимге болгон кызыгуусу.

Котормолорду көрсөтүү

69 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
BG Български البلغارية
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
EL Ελληνικά اليونانية
AK Akan الأكانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
LN Lingala اللينجالا
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو