+ -

عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِنَّ الدُّنْيَا حُلْوَةٌ خَضِرَةٌ، وَإِنَّ اللهَ مُسْتَخْلِفُكُمْ فِيهَا، فَيَنْظُرُ كَيْفَ تَعْمَلُونَ، فَاتَّقُوا الدُّنْيَا وَاتَّقُوا النِّسَاءَ، فَإِنَّ أَوَّلَ فِتْنَةِ بَنِي إِسْرَائِيلَ كَانَتْ فِي النِّسَاءِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2742]
المزيــد ...

Абу Саъид ал-Худринин (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Чынында, дүйнө - таттуу, көрүмдүү. Алла Таала анда силерди бириңердин артынан бириңерди келтирип турат. Анан кандай иш-амал кылганыңарга карайт. Дүйнөдөн сак болгула жана аялдардан сак болгула . Анткени Исраил урпактарында алгачкы фитна-бүлгүн аялдардан болгон".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2742]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнө даамдаганга таттуу, караганга көрүмдүү экенин, инсан ага алданып, аны менен алек болуп, аны негизги максатына айлантып аларын баяндаган. Ошондой эле, Аллах Таала биздин кандай амал кыларыбызды, Ага таат-ибадат кылабызбы, же күнөө кылабызбы, ушуну кароо үчүн, бизди бул дүйнө жашоосунда бирибиздин артынан бирибиз келе турган кылганын баяндады. Андан кийин: Силерди дүйнөлүк пайдалар жана анын көркөмдүгү алдап коюусунан этият болгула - деди. Бул, силерди Аллах буйруган нерсени таштоого, Ал тыйган нерсеге кирип кетүүгө алып барат. Бул дүйнөдөгү этият болуп, сактануусу зарыл болгон эң чоң фитна - аялдардын фитнасы. Ал Исраил урпактары кабылган эң биринчи фитна болгон.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Азерче Украинче الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Такыбылыкты бекем кармоого жана дүйнөнүн сырткы көрүнүшүнө жана кооздугуна берилип албоого үгүт, үндөө бар.
  2. Аялдардын фитнасынан, т.а. аларды кароо, бөтөн эркектер менен аралашып жүрүүсүнө маани бербөө, ж.б.у.с. фитналардан сактануу зарыл.
  3. Аялдардын фитнасы дүйнөдөгү эң чоң фитна.
  4. Өткөн үммөттөрдөн сабак, үлгү-өнөк алуу зарыл. Исраил урпактарында болгон нерсе башкаларда да болору мүмкүн.
  5. Аялдардын фитнасы мындай: эгер аял жубайы болсо, ал күйөөсүн таакаты жетпеген каржыга мажбурлап, аны дин иштеринен алагды кылат. Дүйнө талап кылуу иштери менен аны чарчатат. Эгер бөтөн аял болсо, алардын фитнасы, сыртка чыкканда жана эркектерге аралашканда, аларды азгырып, туура жолдон тайдыруу менен болот, айрыкча, алар ачык кийинген жана жасанып алган аялдар болсо. Бул зынанын ар кайсы түрүнө алып барат. Ыймандуу адамга Аллахка таянуу жана аялдардын фитнасынан сактоону Андан сурануу зарыл.
Дагы...