عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«إِنَّ أَثْقَلَ صَلَاةٍ عَلَى الْمُنَافِقِينَ صَلَاةُ الْعِشَاءِ وَصَلَاةُ الْفَجْرِ، وَلَوْ يَعْلَمُونَ مَا فِيهِمَا لَأَتَوْهُمَا وَلَوْ حَبْوًا، وَلَقَدْ هَمَمْتُ أَنْ آمُرَ بِالصَّلَاةِ فَتُقَامَ، ثُمَّ آمُرَ رَجُلًا فَيُصَلِّيَ بِالنَّاسِ، ثُمَّ أَنْطَلِقَ مَعِي بِرِجَالٍ مَعَهُمْ حُزَمٌ مِنْ حَطَبٍ إِلَى قَوْمٍ لَا يَشْهَدُونَ الصَّلَاةَ، فَأُحَرِّقَ عَلَيْهِمْ بُيُوتَهُمْ بِالنَّارِ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 651]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтты:
"Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек. Мен намаз окууга буйрук берип, намаз окулуп, бир кишини адамдарга имам болуп намаз окууга буюруп, анан мен отун көтөргөн кишилер менен намазга келбеген адамдарга барып алардын үйлөрүн өрттөөнү кааладым".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 651]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мунафыктар жана алардын намазга өзгөчө куптан жана багымдат намаздарына баруудагы жалкоолугу жөнүндө кабар берип жатат. Эгер алар мусулман жамааты менен болуудагы сооп-сыйлыктардын кадырын билишкенде, анда бала колу жана тизеси менен жөрмөлөгөндөй жөрмөлөп болсо да келишмек.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окууга буйрук кылып намаз окулуп, өзүнүн ордуна башка бирөөнү адамдарга имам болууга дайындап андан соң жамаат намазга келбеген эркектерге отун көтөргөн бирөө менен барып, алар жамаатка келбей оор күнөө кылышканы үчүн үйлөрүн өрттөп жиберүүнү каалады. Бирок ал муну кылган жок. Анткени үйлөрдө эч кандай күнөөсү жок аялдар, балдар жана башка үзүрлүү адамдар бар болчу.