عن عثمان بن عفان رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ تَوَضَّأَ فَأَحْسَنَ الْوُضُوءَ خَرَجَتْ خَطَايَاهُ مِنْ جَسَدِهِ حَتَّى تَخْرُجَ مِنْ تَحْتِ أَظْفَارِهِ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 245]
المزيــد ...
Усман бин Аффан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 245]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким сүннөт жана мустахаб амалдарына көңүл буруп даарат алса, бул анын күнөөлөрүнүн кечирилүүсүнө, каталарынын өчүрүлүүсүнө себеп болорун кабарлаган. Күнөө-каталары тырмактарынын астынан чыгып кеткенче өчүрүлөт.