عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ»
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 38]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып орозо кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 38]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлап жатат: Кимде-ким Рамазан айында Аллахка ыйман келтирип жана орозонун парздыгын тастыктап орозо кармаса, анда Аллах Таала орозо кармагандар үчүн сыйлыктарды жана соопторду даярдап койгон. Ал бул орозосун Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн, жоро көрсүн жана эл уксун дебестен кармаса, анда анын мурунку күнөөлөрү кечирилет.