عن أبي هريرة رضي الله عنه عن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَا نَقَصَتْ صَدَقَةٌ مِنْ مَالٍ، وَمَا زَادَ اللهُ عَبْدًا بِعَفْوٍ إِلَّا عِزًّا، وَمَا تَوَاضَعَ أَحَدٌ لِلهِ إِلَّا رَفَعَهُ اللهُ».  
                        
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2588]
                        
 المزيــد ... 
                    
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт. Пенде башкаларды кечирүү менен аны Аллах анын кадыр-баркын көтөрөт. Кимдир бирөө Аллах үчүн кичипейил болсо, анда Аллах аны жогору кылат». 
                                                     
                                                                                                    
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2588]                                            
                        Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, берилген садакадан пенденин мал-дүнүйөсү кемибейт, тескерисинче, садака кылган адамдан балээлерди кетирет деп баяндап жатат. Садака кылган адамга Аллах чоң жакшылык менен анын ордун толуктап берет. Демек, садака берүүдөн анын мал-дүнүйөсү кемибейт, кайра көбөйөт.
Өч алуу же ээсин жазалоо мүмкүнчүлүгү болсо да аны кечирүү күч-кубатты жана ар-намысты арттырат.
Эч ким эч кимден коркконунан, сылык-сыпаалыгынан, эч кимден пайда үмүт кылбастан, бирок Аллахтын жүзү үчүн гана кичипейил, жөнөкөй болсо, анда анын сыйлыгы катары даражасы өйдө болууга жана кадыр-баркка жетүүгө татыктуу болот.