+ -

عَنْ جَابِرٍ رضي الله عنه قَالَ:
أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ رَجُلٌ فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، مَا الْمُوجِبَتَانِ؟ فَقَالَ: «مَنْ مَاتَ لَا يُشْرِكُ بِاللهِ شَيْئًا دَخَلَ الْجَنَّةَ، وَمَنْ مَاتَ يُشْرِكُ بِاللهِ شَيْئًا دَخَلَ النَّارَ»

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 93]
المزيــد ...

Жабир, радыяллаху анху, айтат:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, бир киши келип: Оо, Аллахтын Элчиси, милдет болгон негизги эки нерсе эмне? - деп айтты. Ал айтты: «Ким Аллахка шерик кошпой өлсө бейишке кирет, ал эми ким шерик кошуп өлсө тозокко кирет».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 93]

Түшүндүрмө

Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, өзгөчө эки маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген амал жана тозокко түшүргөн амал. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: "Бейишке киргизген нерсе - ал адам Аллахка сыйынып жана ага эч нерсени шерик кылбай өтүшү" - деп жооп берди. Бир киши Пайгамбардан, саллаллаху алейхи уа саллам, эки өзгөчө маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген жана тозокко түшүргөн нерсе.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Тавхиддин пазилети. Анткени кимде-ким Аллахка эч нерсени шерик кылбай ыймандуу болуп өлсө, бейишке кирет.
  2. Ширк келтирүүнүн коркунучу. Анткени ким Аллахга шерик кылып өлсө, тозокко кирет.
  3. Ал эми күнөөкөр муваххидтер Аллахтын каалоосунун астында. Ал кааласа азаптайт, кааласа кечирет. Бирок акырында алардын барар жери бейиш болот.
Дагы...