+ -

عَنْ أَبِي الحَوْرَاءِ السَّعْدِيِّ قَالَ: قُلْتُ لِلْحَسَنِ بْنِ عَلِيٍّ رضي الله عنهما: مَا حَفِظْتَ مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ؟ قَالَ: حَفِظْتُ مِنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«دَعْ مَا يَرِيبُكَ إِلَى مَا لاَ يَرِيبُكَ، فَإِنَّ الصِّدْقَ طُمَأْنِينَةٌ، وَإِنَّ الكَذِبَ رِيبَةٌ».

[صحيح] - [رواه الترمذي والنسائي وأحمد] - [سنن الترمذي: 2518]
المزيــد ...

Абу Хавра Саъидий айтат: Хасан бин Алиге (аларга Аллах ыраазы болсун): Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) угуп эстеп калган хадистериң барбы? - дедим. Ал: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин эстеп калгам:
"Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет".

[Сахих (ишенимдүү)] - - [Сунан ат-Тирмизи - 2518]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамга шек-күмөн жараткан сөз болсун же иш болсун аны таштоого буйруган. Мейли ага тыюу салынган болсун, мейли тыюу салынбасын, мейли арам, мейли адал болсун. Анын ордуна шек-күмөнү жок, адалдыгы, жакшылыгы анык болгонду алсын. Ошондо жүрөк тынчтанат. Ал эми шектүү нерсе жүрөктү тынчсыздандыра берет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Малагасиче Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мусулман адам өз ишин ачык-айкындыкка негиздеп, күмөндүү нерселерди ташташы керек. Дининде көрөгөч болуусу зарыл.
  2. Шек-күмөндүү иштерге кирүүгө тыюу салынган.
  3. Эгер бейпилдикти, ырахатты кааласаң, шектүү нерселерди таштап, аларды четке ыргыт.
  4. Пенделерин жан дүйнөнү эс алдырган иштерге буйруп, тынчын кетирген иштерден тыйганы Аллах Тааланын ырайымдуулугунан.
Дагы...