+ -

عن جندب رضي الله عنه قال:
سَمِعْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَبْلَ أَنْ يَمُوتَ بِخَمْسٍ وَهُوَ يَقُولُ «إِنِّي أَبْرَأُ إِلَى اللهِ أَنْ يَكُونَ لِي مِنْكُمْ خَلِيلٌ فَإِنَّ اللهَ تَعَالَى قَدِ اتَّخَذَنِي خَلِيلًا كَمَا اتَّخَذَ إِبْرَاهِيمَ خَلِيلًا، وَلَوْ كُنْتُ مُتَّخِذًا مِنْ أُمَّتِي خَلِيلًا لَاتَّخَذْتُ أَبَا بَكْرٍ خَلِيلًا! أَلَا وَإِنَّ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ كَانُوا يَتَّخِذُونَ قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ وَصَالِحِيهِمْ مَسَاجِدَ، أَلَا فَلَا تَتَّخِذُوا الْقُبُورَ مَسَاجِدَ! إِنِّي أَنْهَاكُمْ عَنْ ذَلِكَ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 532]
المزيــد ...

Жундуб, радыяллаху анху, айтты:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзү өтөөрдөн беш күн алдын мындай деп айтканын укканмын: «Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил (1) болуусунан коргоо сураймын. Чындыгында, Аллах Ибрахим, алейхис саламды, Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып алтурган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?!. Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 532]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын алдында халил макамына ээ экенин, ал халил макамы жакшы көрүүнүн эң жогорку даражасы экенин жана ага Ибрахим пайгамбар жеткендей пайгамбарыбыз да жеткенин кабар берди. Ошондуктан Пайгамбар өзүнө Аллахтан башканы халил болуусун тыйган. Анткени анын жүрөгү Аллах Тааланы сүйүүгө, улуктоого, жана Аны таанып билүүгө толгон болчу. Ошондуктан ал жүрөгүнө Аллахтан башка эч кимди батырган эмес. Эгерде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдардан кимдир бирөөнү халил кылып алтурган болса, анда Абу Бакр, радыяллаху анхуну, халил кылып алмак. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бирөөнү жакшы көрүүдө уруксат берилген чектен Яхудийлер жана христиандар сыяктуу ашып кетүүдөн эскертти. Алар пайгамбарларын жана салих адамдарын чектен чыгып сүйгөндүктөрү себептен алардын кабырын сыйынуучу кудайча кылып алышты. Алардын кабырларына мечиттерди жана ибадатканаларды тургузушту. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, үммөтүнү яхудийлер жана христиандар аткарган нерселерден кайтарды.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача Азерче Өзбекче Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Абу Бакр, радыяллаху анхунун, пазилеттүүлүгү жана сахабалардын арасынан эң абзели. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, көз жумгандан кийин жалпы адамдардын арасынан анын ордуна халиф болууга татыктуу адам.
  2. Кабырдын үстүнө мечит куруу мурунку өткөн коомдордо да тыюу салынган иштерден.
  3. Адамдар ширкке түшүп калуу коркунучу болгондуктан кабырды ибадат кылуучу жайга айландыруу, анын жанында же ага карап намаз окуу жана анын үстүнө мечит куруу же күмбөз тургузуу тыюу салынган.
  4. Салих адамдарды чектен ашырып сыйлоо ширкке алып баргандыгы үчүн андан сактануу керек.
  5. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эскерткен күнөөлөрдүн акыбети өтө коркунучтуу болгондуктан, өлүмүнөн беш күн алдын үммөтүн бул күнөөлөрдөн кескин тыйып баса белгиледи.
Дагы...