+ -

عَنْ عَائِشَةَ أُمِّ المُؤْمِنِينَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا أَنَّهَا قَالَتْ:
يَا رَسُولَ اللَّهِ، نَرَى الجِهَادَ أَفْضَلَ العَمَلِ، أَفَلاَ نُجَاهِدُ؟ قَالَ: «لَا، لَكُنَّ أَفْضَلُ الجِهَادِ: حَجٌّ مَبْرُورٌ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 1520]
المزيــد ...

Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат:
"О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 1520]

Түшүндүрмө

Сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) Аллах жолундагы жихадга чыгууну, душман менен согушууну амалдардын абзели деп билген. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан жихадка чыгууну сурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага туура жол көрсөтүп, аялдар үчүн жихаддын жакшысы кабыл боло турган ажылык, тагыраагы, Куран жана сүннөткө ылайык, күнөө жана эл көрсүндөн таза аткарылган ажылык экенин айтат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча الموري Малагасиче Оромочо Каннадача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Эркектер үчүн абзел амалдардын бири жихад.
  2. Аялдар үчүн жихадга караганда ажылык абзел. Бул алар үчүн эң абзел амалдардын бири.
  3. Аткаруучуга карап амалдар ар түрдүү жана артыкчылыктуу болот.
  4. Ажылык дагы жихад деп аталат. Анткени ал напсиге карата жихад болуп эсептелет. Анда мал-мүлк сарпталат, дене-мүчөгө күч келет. Ажылык Аллах жолундагы жихадга окшош мал-мүлк жана дене мүчөлөр менен аткарылат.