عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«الرَّضَاعَةُ تُحَرِّمُ مَا تُحَرِّمُ الوِلَادَةُ».

Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Эмизүү да төрөт (туугандык) арам кылган нерсени арам кылат".

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган) الأربعون النووية - 44

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тага, атасынын бир тууганы, өз бир тууганы сыяктуу текте жана бир туугандыкта арам кылган нерсени эмчектештик да арам кыларын айткан. Ошондой эле өкүмдөрдө бир туугандык адал кылган нерсени эмчектештик да адал кылат.

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис эмчектештиктин өкүмдөрүн камтыган эреже.
  2. Ибн Хажар минтип айткан: "Эмчек эмүү бир туугандык (төрөт) кандай нерселерди арам кылса, ошол нерселерди арам кылат" дегени, эмчек эмүү айрым нерселерди адал кылат, айрымдарын арам кылат. Бул маселе нике жана ага байланыштуу өкүмдөрдө ижма (бүт мусулмандар бир пикирде болушу) менен белгиленген. Тактап айтканда, эмизилген наристе менен аны эмизген аялдын балдарынын ортосунда махрамдык өкүмдөрү пайда болот; Алар бир туугандардай болуп эсептелет, ошондуктан бири-бирине караса да болот, жалгыз калып сүйлөшсө да болот, бирге сапарга чыкса да болот. Бирок, эмчек эмизүүнүн натыйжасында төрөткө байланышкан калган өкүмдөр келип чыкпайт: Мурастан үлүш алуу, нафаканы (каржылык чыгымды) камсыз кылуу, кулду азат кылуу, күбөлүк берүү, кун (өч алуунун ордуна төлөнүүчү төлөм), касасты (кандан өч алуу) түшүрүү, ж.б.
  3. Эмчектештикке тиешелүү болгон арам деген өкүм - түбөлүк арамдыкка кирет.
  4. Башка хадисте эмүү себептүү махрам болуу үчун абалкы эки жылдын ичинде ачык беш жолу эмүү шарт экени айтылган.
  5. Тек боюнча арам (махрам) болгондор: энелер, буга ата тарабынан да, эне тарабынан да өйдө карай чоң эне, таенелер кирет. Кыздар: буга кыздардын кыздары, балдардын кыздары, ылдый карай кете берет. Эже-карындаштар: ата менен эне тарабынан болсун, же экөөнүн бири тарабынан болсун айырмасы жок. Аммалар (атасынын эже-карындаштары): буга атасынын бир тууган жана башка бардык эже-карындаштары жана өйдө карай чоң аталарынын эже-карындаштары кире берет. Таежелер: буга энесинин бир тууган жана башка эже-сиңдилери, ошондой эле апа тарабынан жана ата тарабынан болгон чоң эне, таенелеринин эже-сиңдилери өйдө карай кире берет. Дагы бир тууган ага-инисинин кыздары, бир тууган эже-карындаштарынын кыздары жана төмөн карай булардын кыздары болуп уланып кете берет.
  6. Эмүү себептүү махрамдар, теги жагынан арам болгондор эмчектештик жагынан да арам болот. Тек жагынан арам болгон аялдардын баары эмчектештик жагынан да арам болот. Болгону, эмчектештик жактан бир тууганынын энеси жана баласынын бир тууган эже-карындашы арам болбойт.

Котормолорду көрсөтүү

58 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو