+ -

عَنْ كَعْبِ بْنِ عُجْرَةَ رضي الله عنه عَنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«مُعَقِّبَاتٌ لَا يَخِيبُ قَائِلُهُنَّ -أَوْ فَاعِلُهُنَّ- دُبُرَ كُلِّ صَلَاةٍ مَكْتُوبَةٍ، ثَلَاثٌ وَثَلَاثُونَ تَسْبِيحَةً، وَثَلَاثٌ وَثَلَاثُونَ تَحْمِيدَةً، وَأَرْبَعٌ وَثَلَاثُونَ تَكْبِيرَةً».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 596]
المزيــد ...

Каъб бин Ужранын (ага Аллах ыраазы болсун) айтты: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
Ар бир парз намаздан кийин биринин артынан бири айтыла турган (зикр) сөздөр айтуучуну (сооптон) куру калтырбайт, булар: отуз үч тасбих, отуз үч тахмид, отуз төрт такбир".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 596]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтуучусу куру кол калбай турган жана өкүнбөй турган, тескерисинче сооп боло турган зикирлер жөнүндө айткан. Бул сөздөр парз намаздан кийин биринин артынан бири айтылат. Булар төмөнкүлөр:
"Субхааналлах" деп отуз үч жолу айтуу. Б.а. Аллах Тааланы бардык кемчиликтерден таза деп аруулоо.
"Алхамду лиллах" деп отуз үч жолу айтуу. Бул сөз Аллахты сүйүү жана улуктоо менен Анын кемчиликсиз толуктугун айтып мактоо.
"Аллаху Акбар" деп отуз төрт жолу айтуу. Аллах Улук, Ал бардык нерседен Кудуреттүү, Чоң.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Чехче Малагасиче Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Тасбих, тахмид жана такбир айтуунын артыкчылыг. Алар сооптору калуучу, Аллахты ыраазы кылуучу жакшы амалдар.
Дагы...